JFC Young Force: «Ак аюу» Мамасалиев чемпиондук кур үчүн беттешет

Былтыр 9-декабрда өткөн JFC Fight Nights — 2017 турниринде Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого утулуп калган болчу.

Үстүбүздөгү жылдын 11-майында Казакстандын Алматы шаарында кыргызстандык «Жаш-күч» клубунун JFC Young Force аталышындагы эл аралык турнири өтөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине мелдештин уюштуруучусу Фарух Абдужаббаров билдирди.

Мелдеште жалпысынан 13 беттеш каралган.

Кеченин башкы беттешинде чемпиондук наам үчүн «Ак аюу» каймана аты менен таанымал Мыктыбек Мамасалиев украиналык мушкер Владимир Мищенко менен күч сынашат.

Эске сала кетсек, былтыр 9-декабрда өткөн JFC Fight Nights — 2017 турниринде Мамасалиев украиналык Юрий Проценкого утулуп калган болчу.

Булак:sputnik.kg

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу