Эмдиги жылдын соңуна чейин 620 мектеп интернетке туташтырылат

Мектептерди интернетке кошууга 163 миллион сомдон ашык акча бөлүнгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги 2017-жылдын аягына чейин 620 мектепти интернетке туташтырат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Жогорку Кеңеш жана өкмөттүн чечими менен Билим берүү жана илим министрлигине 300 миллион сом бөлүнгөн. Ал каражаттын 163,6 миллиону мектептерди интернетке туташтыруу үчүн сарпталат. Калганы санариптик телеберүү үчүн телевизиондук жабдууларды алууга жумшалмакчы.

Долбоордун алкагында өлкө аймагындагы мектептердин жарымы интернет байланышы менен камсыздалат. Министрлик тендер өткөрүп жеңүүчүнү аныктады. Эми кийинки жылдын 1-сентябрына чейин 620 мектептин 70 пайызы Интернетке кошулса, калган 30 пайызын дүйнөлүк желеге туташтыруу жыл аягына чейин аяктайт.



Сиздин пикир