ЕБ бөлгөн 10 млн. еврого китеп сатып алынып, мектептерге интернет киргизилет

Учурда Европа биримдиги Кыргызстандын өкмөтү менен 2017-жылга пландалган 10 миллион евро өлчөмүндөгү экинчи траншты бөлүп берүү боюнча талкуулап жатат.

Шейшемби күнү өкмөттүн эсебине Европа биримдиги (ЕБ) тарабынан 10 миллион евро өлчөмүндө грант келип түштү. Аталган каражат өлкөнүн билим берүү тармагын колдоо үчүн бөлүндү. Бул тууралуу КРдин Каржы министрлигинин сайтында жарыяланды.

«Бул Европа биримдигинин бюджеттик колдоо программасындагы жалпы 36 миллион евронун бир бөлүгү. Грант китептерди сатып алууга, мектепке чейинки билим берүү системасын каржылоого жана бардык мектептерди интернет менен камсыз кылууга бөлүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, ЕБ саясаттагы суроолор боюнча кеп-кеңеш берип, техникалык жардам көргөзүү менен бирге Каржы жана Билим берүү министрликтеринин кызматкерлерине атайын тренингдерди өткөрөт.

Учурда ЕБ Кыргызстандын өкмөтү менен 2017-жылга пландалган 10 миллион евро өлчөмүндөгү траншты бөлүү боюнча талкуу жүргүзүп жатат.

Дагы: http://sputnik.kg/economy/20161214/1030781962/ebdin-grantyna-kitep-alynat.html

Аргумент.kg
Жооп калтыруу