Cүрөт — Жалал-Абадда 40 казан сүмөлөк кайнатылат…

Өлкөдө алгачкы жолу Нооруз майрамын утурлай 20-март күнү Жалал-Абад шаарында сүмөлөк фестивалы өткөрүлөт. Анда Курманбек фольклордук талаада 40 казан асылып сүмөлөк кайнатылат. Жергиликтүү бийлик тарабынан демилгеленген бул саамалык бир катар оюн-зооктор менен коштолот жана жеңүүчүлөргө байгелүү орундар менен катар номинациялар ыйгарылат

Шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы Салтанат Асилбекованын айтымында, азыркы учурда  иш-чаранын  сценарийи иштелип чыгып, уюштуруу тобу  тарабынан талкууланууда. Эң негизгиси шаар тургундарына майрамдык маанайын тартуулоо менен бирге улуттук баалуулуктарыбызды даңазалоо.

-Сынакка катышкан ар бир мекеме-ишкананын жамааттары анда өндүрүлгөн буудайын тартуудан баштап бышырууга   чейинки эрежелер эске алынып, калыстар тобу тарабынан жеңүүчүлөр аныкталат. Ал эми кайнатылган сүмөлөк 21-март күнү борбордук аянттагы иш чарада жергиликтүү  тургундарга таратылат  дейт, -С. Асилбекова.

Ага улай аталган иш чара быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү  санариптештирүү  жылында калаанын туристтик потенциалын жогорулатууну максаттайт.  Эске сала кетсек, жергиликтүү бюджеттен бул жылы Нооруз майрамын өткөрүүгө 190 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу