Бир кем дүйнө: Кочкордо бир үй бүлөөдөгү эки жаш балага жардам керек

Кочкор районуна караштуу Теңдик айылындагы 16 жаштагы Үсөнаалы уулу Айкөл жана  11 жаштагы Үсөнаалы кызы Айжылдыз  жардамга муктаж.

Мындай маалыматты аталган үй бүлөөнүн бир тууган жеңеси Назгүл  Чолпонкулова кабарлаган.

«Үсөнаалы уулу Айкөл 2000-жыл туулган. Төрөлгөндө эле бир бөйрөгү жок төрөлүп, экинчи бөрөгү 60% гана иштеп күн кечирип келген. Бирок акыркы убакта бир бөйрөгүнүн жоктугу экинчи бөйрөкө күч келтирип жыйынтыгында мурдунан кан токтобой эс учун жоготуп, Бишкеке оорукана алып кетишкен. Эки күн дегенде араң эсине келип азыркы тапта ата-энесинин жанында ооруканада жатат. Ал эми ортончу кызы Айжылдыз да о4 тарабы тромб болуп кан уюп, чыпалагы чирип кеткендигинен жакында эле кестирдик. Азыркы тапта күн сайын кан алмаштырып атабыз», — дейт Назгүл эже.

«Үсөнаалынын 6 баласы бар. Өзү жана келинчеги иштебей үйдө турушат. Эми бир үй бүлөөдөн эки баланын ушундай оор абалда турушу бизди бушайман кылып отурат. Ошол себептен мамлекет башчыбыздан жана кайдыгер эмес адамдардан жардам сурайт элек. Айкөлдүн бөйрөгүн алмаштыруу үчүн 40 миң АКШ доллары керек экен. Ал эми анын карындашына да оңой эмес акча талап кылынууда» — деп сыздады жеңеси Назгүл Чолпонкулова.

Урматтуу окурмандар! Кайдыгерлик кылбай жердешибиз, бир тууганыбыз Айкөл жана Айжылдызга колуңардан келишинче жардамыңарды берүүңүздөрдү биз, «Кочкор.info» басылмасынын редакциясы дагы суранабыз! Байлык жерде, күч элде! Назгүл  Чолпонкулованын байланыш телефон номери: 0701-98-81-90

Булак:

© Kochkor.info — маалымат жана жарнамалык басылма

Аргумент.kg
Жооп калтыруу