Сенатор абактагы Азимжан Аскаровду бошотууга чакырды

АКШнын Республикалык партиясынын сенатору Марк Рубио кыргыз бийлигин абактагы укук коргоочу Азимжан Аскаровду эркиндикке чыгарууга чакырды. Бул тууралуу сенатор Рубио «Твиттердеги» баракчасына жазган. Анда ал Аскаров 2010-жылдан бери абакта кармалып турганын белгилеп, “сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү кылмыш эмес” деп жазды.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан.

Эки жыл мурун БУУнун Адам укуктары боюнча комитети аны камоо мыйзамсыз болгонун айтып, бошотууну талап кылган. Бул сунуштун негизинде Кыргызстандын соту ишти карап чыгып, Азимовго карата мурдагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

Буга карабай бир катар эл аралык уюмдар ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Булак: Азаттык

Аргумент.kg
Жооп калтыруу