Бактылуу болом десеңиз бул 7 нерсени сыр бойдон сактаңыз

Чыгыш маданиятынын изилдөөчүсү Вячеслав Рузов өзүнүн макаласында индиялык акылмандардын тажрыйбасына кайрылган. Анын айтымында кээ бир  сырлар коомчулука жарыяланбай сыр бойдон калуусу шарт . Алардын бир бири менен таанышып алыңыз.

 

  • Жеке пландарыңыз иш жүзүнө аткарылмайынча эч кимге үн катпаңыз. Орундалбай калышы мүмкүн.

 

  • Кайрымдуулук иштердин коомчулукка жарыяланбай сыр бойдон калганы туура болот. Жакшы кадамдарыңыз үчүн өзүңүздү мактабаңыз. Бул жакшы сапаттардан эмес

 

  • Жеке жашооңуздагы принциптериңизди, мамилелериңизди ачыкка чыгарбаңыз.

 

  • Эрдиктериңиз жөнүндө кеп кылбаңыз. Жакшы жумуштарыңызды башкалар айткан туура болот.

 

  • Жеке ишенимдериңиз жөнүндө сөз кылбаңыз. Ал сиздин ишенимиңиз сиздин дүйнөңүз. Башкалардын аны билүүсү кыйроого учурашы мүмкүн.

 

  • Үй-бүлө ичиндеги конфликтерди сыртка чыгарбоо керек. Үйдөгү проблемалар жөнүндө канчалык азыраак сүйлөсөңүз үйдүн ынтымагы ошончо бекем болот. Жаңжал- бул сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында чогулган негативдүү энергиядан арылуунун жолу. Проблема жөнүндө канчалык көп сөз кылсаңыз ошончолуук ал сизди ээрчийт.

  • Бирөөдөн уккан жаман негативдүү cөздөрдү эч кимге айтпаңыз. М: сиз үйгө келип көчөдө уккандарды кайталап айтып берген, үйгө кир  бут кийими менен киргенге барабар. Жаман ой эшикте, кир бут кийим босогодо калуусу абзел.

Булак: oilon.kg


Сиздин пикир