30-ноябрдан мектеп жана бала бакчалар иштеп баштайт

20-ноябрь күнү Ош шаарында республикалык штабдын Оштогу координатору, мэрия жана билим берүү тармагынын өкүлдөрү катышкан жыйын өттү.

Жыйындын соңунда 30-ноябрдан баштап аралыктан окуп жаткан 1-класстын окуучулары салттуу түрдө мектепке барып окуй турганын, жеке менчик бала бакчалар ачыла турганын билдирди. Бирок, алар толук түрдө санитардык эрежелерди сакташы керек.  Ал эми, мамлекеттик бала бакчалар азырынча иштебейт.

Сиздин пикир