Кубанычбек Исабеков: «Азыр Садыр Жапаров супер президент болгусу келип атат»

 Парламенттин мурдагы вице-спикери Кубанычбек Исабеков Жогорку Кеңешти таркап кетүүгө чакырды.Бул тууралуу ал кечээ жыйында айтты:
«Азыр Садыр Жапаров супер президент болгусукелип атат. Жаңы Баш мыйзамда парламент
болот, бирок чечим кабыл албайт деп жазылып турат. Андай болсо, парламенттин эмне кереги бар? Биз азыр жардын кырында турабыз. Европа Биримдиги акча берүүдөн баш тартты. Азыр депутаттар келерки жылдын бюджетин бекитип, өзүн-өзү таратышы керек. Бул эң жеңил жол. Өлкө үчүн өзүн-өзү таратууга барыш керек», — деди К. Исабеков.

Сиздин пикир