Садыр Жапаров ага каршы чыккан адамдын атын атоону чечти

Садыр Жапаров өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу чоң интриганы баштап койду сыяктуу. Ал келе жаткан дүйшөмбү күнү эч ким билбеген сыр тууралуу ачык айта турганын билдирди:

“Баш мыйзамдын долбоору жалгыз гана Садыр Жапаровдуку, ал диктатура орнотуп жатат деп өлүп-талып маалымат таратып жаткан жүзү кара акмактарга айтаарым төмөнкүчө: Бул баш мыйзамдын долбоору 2011-жылдан бери Курултайчылар жана жалпы эл тарабынан сунушталып келе жатат. Буга чейинки бийликтер тоготпой келген. Биз анча-мынча кемчиликтерин толуктап гана (албетте кемчиликтер бар) элдин талкуусуна алып чыктык. Бул бир кишинин же бир топтун кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам эмес. Жалпы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн баш мыйзам. Бул баш мыйзамга каршы чыгып жаткан ана башчынын чыныгы жүзүн келе жаткан биринчи күнү ачам“, – деп жазды Садыр Жапаров.


Сиздин пикир