Элчи Жекешенкулов: «Мен отставкам тууралуу соцтармактан уктум»

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алганы белгилүү болду. Тиешелүү жарлык 16-октябрда өкмөттүк “Эркин Тоо” гезитине жарыяланды. Андагы маалыматка ылайык, элчи “ишенимди жоготту” деген түшүндүрмө менен кызматтан алынган. Бул боюнча президенттин басма сөз кызматы расмий билдирүү тараткан эмес.

Ал эми Жекшенкулов өзү отставкасы тууралуу социалдык тармактардан укканын 16-октябрда орус басылмаларына билдирген. 

“Мени жумуштан кетирүү жөнүндө социалдык тармактардан укканда таң калдым. Бул мен үчүн күтүүсүз болду”, – деди ал ТАССтын кабарчысына.

Жээнбеков кызматтан кетер алдында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөш кызматын жоюп салганы жума күнү белгилүү болду.

Аликбек Жекшенкулов 2019-жылдын февраль айында Кыргызстандын Орусиядагы элчиси болуп дайындалган.


Сиздин пикир