Күйөөм ойнош таап алганы үчүн баары мени күнөөлөштү

Күнөөсү анык көрүнүп турса дагы, калп эле аны актай бербегиле Көпчүлүк аялдар сыяктуу мен дагы үй-бүлөмдү сактап калууга аракет кыла баштадым. Боенуп, өзүмө жакпаган көйнөктөрдү кийип, жумуштан чарчап келгенимди байкатпай күлүп- жайнап, таң эрте туруп тамак даярдап, балдар ыйлап жатса «тынч уктап алсын» деп аларды сыртка чыгарып кетип, улам-улам көңүлүн сурап, каалабасам дагы төшөккө чакырса дароо макул болуп дегендей. Ишенесиңерби, аябай кыйналдым. Бирок, балдарым үчүн, лардын атасын сүйгөнүм үчүн,
никебизди сактап калгым келди.Аттиң, өзүмө-өзүм ор казып жатканымды билбептирмин. Үлгүлүү үй-бүлөлөр көп. Ошол эле учурда, сүйүү бүтүп, ажырашып, кайра башкалар менен бактылуу жашап жаткандар бар, бул дагы нормалдуу көрүнүш. Жаш экенмин, күйөөм мени

сүйөт, мойтойгон балдарыбыз бар, өмүр бою бирге болобуз деп ойлогом. Анан тагдыр мага сюрприз жасады: «Таанышып алалы, мен дагы анын аялымын.» Эмнегедир баары мени күнөөлөштү. «Сен бир нерсе бербей койдуң», «балким, өзүңдү карабай таштап салдың», «ушу сенден эле кетти», «сенден таба албаганын башкадан издеди да», «балким анысы сага караганда даамдуу тамак жасайт», «башын оорутуп мээсин жей берсең ошо да». Дем жетпей, жүрөгүм башкача ооруду. Баары айтып жатса, чындап эле күнөө менде ошкойт дедим. Өлгүм келди. Жашырбайм, күйөөмдү өкүндүрүп, көңүлүн бурдуруу үчүн дары ичипалдым. Кудай сактады. Эч качан, угуп жатасыңарбы, эч качан бирөөлөрдүн сөзүн укпагыла!Күнөөсү анык көрүнүп турса дагы, калп эле аны актай бербегиле. Үй-бүлөсүн ойлогон эркек

мындай кадамга барбайт. Андыктан, «мен никемди сактап калам» деп баатыр болуунун кажети жок. Силерди ойлобогон адам үчүн ыйлап, өзүңөргө кол салып, курмандык болууну токтоткула!Билесиңерби, эмне үчүн мындай кадамдарга барасыңар? Анткени, өзүңөрдү сүйбөйсүңөр!Бир сыйра ыйлап алгыла, анан жакшылап уктап эс алгыла, чечим кабыл алып, алдыга жылгыла. Болду, башка рецепт

Көзүмдү ачсам ак халатчан медайым кан басымымды ченеп жатыптыр. Бурчтагы отургучта апам эки баламды алдына алып отурат. «Апам, турду!». Кичүүм чуркап келип кучактады. Мен турдум, турганда дагы бутума катуу турдум, эми эч качан жыгылбайм.
Сотко барып арыз жаздым. Күйөөм эмне деди дебейсиңерби.
— Эмне мени сүйбөй калдыңбы?
— Мен мындан ары бирөөнү эмес, өзүмдү сүйөм.
— Өзүңдү кыйын сезип алдыңбы? Билесиңби, мен жок сен эч ким эмессиң!
— Сен жок, мен-адаммын!
Көзүнө тике карадым. Мендеги күч көзүмдөн көрүнүп турду. Унчукпай бөлмөдөн чыгып кетти.

Сиздин пикир