Атамбаевдин кызында канынан рак оорусу шектелип жатат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева учурда Санкт-Петербургда медициналык текшерүүдөн өтүүдө. Ал өзүнүн катталуучуларына онкология оорусуна шектелип жатканын бөлүштү.

Анын айтымында, ал өзүн жакшы сезбей, канында түшүнүксүз нерсе болуп жатат. Үч ай бою бишкектик дарыгерлерге көрүнгөн, бирок анын абалы начарлап кеткен. Ал Санкт-Петербургдагы Петров атындагы Улуттук онкология илимий-изилдөө борборунун онколог-гематологуна консультацияга  учуп кетти. Эми Алия анализдерден өтүп, лимфа түйүндөрүнүн биопсиясын жана жилик чучугунун пункция алуу керек болот.

Элдик медиа


Сиздин пикир