Элчи Аликбек Жекшенкулов кызматынан алынды

Кыргызстандын Россия Федерациясындагы, ишти айкалыштыруу боюнча Армения Республикасындагы, Греция Республикасындагы жана Черногориядагы Атайын жана Ыйгарым укутууэлчиси элчиси Аликбек Жекшенкулов ишенимди жоготкондугуна байланыштуу кызматынан алынды. Мындай указга КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда кол койгон.

Ал эми президенттин указы расмий чечимдер жарыяланчу өкмөттүк гезит “Эркин Тоонун” бүгүнкү 16-октябрдагы санына жарыяланган. Указга ылайык бул чечим расмий гезитке жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 


Сиздин пикир