Аял алсам күйөөгө тийип кетет…Эми кийинкиси кандай болот?

Аялдар эле тынбай арманыңарды айт бересиңер, жаза бересиңер: «Таштап кетти», «уруп койду», «башканы таап алды» ж. б. сөздөрүңөр көп. Кичине эле материалдык кыйынчылык, жашоодо оорчулук, кайын журт менен бир аз келишпестик болсо, баарын таштап кете берген жеңил ойлуу кыз-келиндер көбөйдү. А бизчи, эркектер? Биздин арабызда да бактысыздар көп. Мен да эки никемден бактылуу боло албадым. Чыдамсыз, ушакчы жана акчаны жакшы көргөн жубайларым менен ажырашууга туура келди. «Үй-бүлөм» деп чет жакка иштеп кетсем, бири башка эрге тийип кетти. Экинчим мурдагы күйөөсү менен жарашып алды. Эми үчүнчү жубайым кандай болот? Жакшы жубай табуу дагы оор… Жеңил-желпилерден Кудай сактасын!
Талант
Aryba.kg

Сиздин пикир