«Коронавирус күздө күчөйт»-деп жатышат 

2020-жыл коронавирус деген илдет планетаны каптаган жыл катары тарыхта калды.Июль айларынан кийин өзгөчө Европа сыяктанган өлкөлөрдө коронавирус кадимкидей азайып калган.Ал мамлекеттер чектөөлөрдү жоюп,калк массалык жүргөн жайлар иштеп баштаган.Бирок жакынкы күндөрдөн баштап ошол эле Европада кайрадан коркунучтуу кырдаал пайда болуп баштады.Мисалга алсак: Германия,Улуу Британия,Франция,Испания мамлекеттеринде илдет жуктурган жарандардын саны кескин түрдө өсүп кетти.Маселен Испанияда бир күндө  12 миң адамга көбөйдү,бир күн мурун Францияда 10,500  ооруган адам катталды.Бул эмнени билдирет?Баардыгы чочулап жаткан экинчи толкун башталдыбы?

Биздин өлкөбүздө болсо,эгерде статистикага ишенсек, оору жуктургандардын саны күндөн күнгө азайып баратат.Каза болгондордун саны да азайды.Бирок бул абал ушул бойдон оңолуп кетеби?Же болбосо Европадагыдай күч менен  кайра башталабы?Кандай  болгон күндө да,бийлик да,эл да баарына даяр турушу зарыл.Мисалы: Европа бет кап кийбегендерге катуу штраф салууда.Бизде болсо анын бири да байкалбайт.Коомдук транспортто,базарда бет капсыз эле жүрүшөт,тойканалар болсо 200дөн кем эмес адамды чогултуп той-үлпөттөрүн өткөрүүдө .Булар эмнеге алып келиши мүмкүн?

Вакцина жөнүндө көп сөз болууда.Россия чыгара баштады.Окумуштуулар айткандай вакцина оорунун жолун тосо алса,аны алып келип элге жеткирүү керек.


Сиздин пикир