8-март тууралуу 8 кызыктуу маалымат.

Жаз менен бирге келген айымдардын көптөн күткөн майрамы да келип калды. Кыздар, асыл жандарга деп кучак толо гүл ташыган, керемет жашоонун үлгүсү болгон ошол бир күндүн келишине аз гана убакыт калды. Ошого байланыштуу, 8-март – Эл аралык аялдар күнүнө карата кызыктуу маалыматтардын тизмегин сунуштамакчыбыз.

1) 1910-жылы Копенгаген шаарында өткөн Эл аралык социалист аялдардын конференциясында Клара Цеткин 8-март күнүн Эл аралык аялдар күнү майрамы деп жарыялоону сунуштаган жана өз укуктары үчүн күрөшүүгө чакырган кайрылуусун окуду. Бул чакырык дүйнө жүзүнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн аялдарынан колдоо тапты. Алар өз укуктары үчүн гана күрөшүүнү эмес, кедейчиликке, эмгек этүү укугу менен ар-намыстын тапталышына жана бакубат жашоо үчүн күрөшүшөрүн билдирди.

2) Мурун СССР курамында болгон элдерде 8-март майрамынын символу болуп мимоза гүлү болгон. Бирок, көптөгөн өлкөлөрдө майрам күнүнүн символу катары – кызгалдак гүлү эсептелет.

3) Бул майрам илгерки Римде да белгиленген деп айтылат. Алар да бул күнү аялзатына сый-урмат көрсөтүшүп, куттуктоолорун жеткизишкен экен. Адатта мындай урматка байлердин жубайлары гана ээ болушкан. Ал эми күндөргө расмий дем алыш берилген.

4) 1950-жылы 8-мартта СССРде атом бомбасы бар экенин жарыялаган.

5) Капиталистик өлкөлөр 8-мартты майрам катары кабыл алышкан эмес. Азыр да ошол бойдон. Бирок, көп өлкөдө, тактап айтканда: Америкада – «Апалар күнү», Францияда – «Чоң энелер күнү», Японияда – «Кыздар күнү» деп майрамдалат. Алар жаз айыларында майрамдашат.

6) Азыр 8-март Кыргызстан, Казакстан, Армения, Азербайджан, Оганстан, Беларусь, Буркина-Фасо, Вьетнам, Гвинея-Бисау, Грузия, Замбия, Камбоджа, Кирибати, Кытай, Коста-Рика, Куба, Лаос, Мадагаскар, Молдова, Моңголия, Непал, Россия, Сербия, Таджикистан, Түркменстан, Уганда, Өзбекстан, Украина, Хорватия, Черногория, Эритрея, Латвия сыяктуу өлкөлөрдө белгиленет.

7) Мадагаскарда 8-март күнү аялдар гана эс алышат экен. Ал эми Кытайда эс алуу күнү деп бекитилген эмес.

8) Аталган майрам аны белгилебеген өлкөлөрдө башка майрамдар менен туура келет. Мисалы, Сирияда 8-март – Революция күнү, Замбияда – Жаштар күнү, Малайзияда – Султан күнү, Либерияда – Согушта курман болгондорду эскерүү күнү деп да айтылат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу