550 киши кыргыз жарандыгын алды

Жарлыкка ылайык, 550киши өлкө жарандыгын алды. Алардын ичинен 461 киши чоңдор жана 89 жаш бала бар.

Жарандык алууга арыз жазгандардын басымдуу бөлүгү  этникалык кыргыздар. Алар мурда жашаган өлкөлөрүнөн тарыхый ата журтуна кайтууну чечишкен.

Эске салсак, декабрдын соңунда ушундай эле жарлык менен 300 дөн ашуун адам кыргыз жарандыгынан чыгарылган. Алардын көпчүлүгү да этникалык азчылыкты түзгөн улуттардын өкүлдөрү болушкан.

Булак: Марал 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу