Алмамбет Шыкмаматов: «Кыргызстандын аймагында уран менен торийди казууга таптакыр тыюу салынат»

 

Алмамбет мырза, «КТ-мобайлды» иликтеген депутаттык комиссиянын кортундусу талкууга коюлду. Депкомиссия эл билбеген дагы кандай сырларды ачыктады?

Алмамбет Шыкмаматов, «Ата Мекен» фракциясынын ЖКдагы лидери: «КТ-Мобайл» боюнча түзүлгөн депутаттык комиссия ишин аяктады. Биз корутундуга кол койдук. Күн тартибине акыркы маселе болуп кирип, талкууланды. Талкууга өкмөт башчы, «Мегаком», «КТ-Мобайл», «Кыргызтелекомдун» жана байланыш агенттигинин жетекчилери чакырылып, корутунду жалпы жыйында талкууланды. Ал эми корутундуда жаңы сырлар деле ачылган жок. Депутаттык комиссия бир гана максат менен түзүлгөн. Ошол максатка жеттик да. Биз «КТ-Мобайл» менен «Мегакомдун» ортосундагы чыр-чатак эмнеден келип чыкты, ал жерде кандай лобби болду, кимдер кийлигишти, эмнеге кийлигишти, кандай укук менен кийлигишти» деген суроолорго жооп издедик. Маселени кылдат карап, ийне-жибине чейин иликтеп чыктык. Ал боюнча көп адамдар кызматтарынан кол жуушту, коомчулук кабардар.

Уран кенин казууга түбөлүк тыюу салган мыйзам долбоору күн тартибине коюлду. Мыйзамда эмнелер каралган?

-Ооба, Кыргызстандын аймагында уран менен торийди казууга тыюу сала турган мыйзам долбоору иштелип чыгып, күн тартибине кирди. Буга чейин тийиштүү эки комитеттен өттү. Жалпы сессияда биринчи окуудан өтөт. Мыйзамдын концепциясы боюнча, Кыргызстандын аймагында уранды жана торийди таптакыр казууга тыюу салынат. Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагына кайра иштеүу үчүн сырт жактан, Казакстандан да уран калдыктары алынып келинбейт.

— Буга чейинки уранды казууга уруксат алган компаниялардын лицензиялары эмне болот?

— Анын баары жокко чыгарылат. Бул аракеттер мыйзамдын талаптарына ылайык ишке ашат. Бирок, азыр өкмөт башкача бир позицияларды айтып жатат.»Кайра иштетүүгө уруксат бергиле, сырттан алып келип, кайра иштеткен практика токтобосун, анткени, Кара-Балтадагы комбинат ошону менен оокат кылат» деп суранып жатышат. Ошого карабай, биз, мыйзамдын авторлору бул сунуштарга караманча каршы чыгып жатабыз. Өз позициябызда акырына дейре каршы турабыз. Мен ойлойм, эл өкүлдөрү мыйзамды колдоп беришет. Кыргызстанда уран казмак тургай, алып келип иштеткенди да токтотушубуз керек. Казакстан өз аймагында кайра иштетсин. Биздин алтын Казакстанга чыгарылып, иштетилет, алардын ураны бизге алынып келип иштетилет. Алтыныбыз өзүбүздө, алардын ураны өздөрүндө кайра иштетилсин. Анткени, кайсы жерде иштетилсе, ошол жерде уу заттардын калдыктары калат.

-Текебаевдин иши 16-июлда каралганы жатат. Кандай чечим чыгышын күтүп жатасыздар?

— Биз күтүп жатабыз. Буйруса, оң чечим чыгып, Текебаев акталат.

Булак: Азия ньюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу