41 «алтын» лицензиянын чыныгы ээси табылды

Сооронбай Жээнбеков көп сандагы лицензияны бир эле адам алгандыгына ызаланып, бул тармакта коррупция бар экенин айткан.

Өлкө аймагынан 41 «алтын» лицензияны Александр Беккер алган. Бул тууралуу Ишкерлердин эл аралык кеңешинин өкүлү Аскар Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Коопсуздук Кеңешинин 30-январдагы отурумунда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бир кыргызстандык жаран эле 400 миң гектар жерди иштетүүгө 41 «алтын» лицензия алгандыгын айткан. Укук коргоо органынын иликтөөсүнүн негизинде ал уруксат кагаздарына кен казуу тармагында иштебеген, мурун милицияда, кийин жеке күзөт ишканасында эмгектенген Э.Жумаев аттуу жаран экендигин кабарлаган. Өлкө башчысы көп сандагы лицензияны бир эле адам алгандыгына нааразы болуп, бул тармакта коррупция бар экенин катуу айткан.

«Биз тактадык, ал жакта 41 эмес, 39 лицензия экен. Ал уруксат кагаздары Кыргызстанга инвестиция тартуу менен белгилүү болгон Александр Беккердин тиешеси бар компаниялардын тобу тарабынан алынган. Ал киши лицензиялар жөн эле иштетилбей кармалып жатат деген маалыматтарды угуп таң калууда», — деди Сыдыков.

Маалымат жыйынында Сыдыков эл оозуна алынып жаткан Беккер кайсы өлкөнүн жараны экендигине жооп бере албай, кыргызстандык экендигин болжолдоду.Ал ошондой эле лицензиялардын буга чейин укук коргоо органында иштеген адам ээси катары көрсөтүлгөнүн, иш жүзүндө ал директорлук кызматты аркалап жергиликтүү бийлик менен иштешүү боюнча иш алып бара тургандыгын кошумчалады.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин Эрик Жумаев кандай компанияларды жетектеп, ал ишканалар кайсы лицензияларга ээлик кыла тургандыгын тактаган.

Булак: Спутник 

 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу