Абдиль Сегизбаев менен Индира Жолдубаева Бакиевдин дүкөнүн тартып алганбы?

Кечээ жакында депутат Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосундагы түз эфир учурунда кызыктуу бир фактыны жарыя кылды.  Депутаттын пикири боюнча Бишкек шаарындагы Киев-Эркиндик бульварынын кесилишиндеги  Максим Бакиевге таандык дүкөнүн тартып алышкан.  «Ким тартып алган?»-деген журналистин суроосуна: “Абдиль Сегизбаев менен Индира Жолдубаева”- деп жооп берди. Мындай ишти ким жасай алат? “Колунда армиясы, сот прокурору барлар гана жасайт”- деп кошумчалады.

 

2010-жылкы революциядан кийин Бакиевдер чыгарып кеткен акчасынан сырткары далай байлыктары калган. Ал байлыктарды кийин мамлекетке өткөрүмүш болуп бир тобун бийликтегилер басып алышкан. Андай байлыктын арасында кымбат баалуу имараттар, ишканалар, ири дукөндөр бар.

Албетте коюулган күнөө жөнөкөй маселе эмес, чын эле аты аталган бир кездеги ири укук коргоо органдарынын жетекчилери  ушундай мыйзамсыз ишке барганбы? Эгерде депутаттын айтканы чын болсо, алар мыйзам алдында толук кандуу жооп бериши керек. Алмамбет мырза өзү да юрист мындай оор күнөөнү жөн жерден койбосо керек. Азырынча аты аталган мурунку үлкөн жетекчилер Шыкмаматовдун күнөөлөгөнүнө лам деп ооз ачыша элек.  Бирок элибизде айтмакчы шибегени капка каталбайсың. Бир күнү баары бир тешип чыгат.

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу