Учурдагы өкмөт «Коопсуз шаар» долбоорун мактанбай эле ишке ашырып койду

Бир убакта экс-президент А. Атамбаевдин «оң колу» Сапар Исаков өкмөт башчылык кызматка келери менен эле таңкы тамактануусунан тарта баскан-турганына чейин пиар кылып баштаганын билебиз. Анан дагы ошондо бирде «Коопсуз шаар», бирде «Акылдуу шаар» деп, аны ишке ашырып аткандай аябай көп пиар жасаган. Аны ишке ашыруу боюнча келишимдерге кол коюп, анан кайра аны өзү жокко чыгарып эле ашмалтайын чыгарган болчу.
Эми ошол долбоорду бүгүнкү өкмөт, учурдагы бийлик эч кандай ашыкча пиары жок эле ишке ашырып отурат. 12-февралдан тарта бул долбоор ишке кирип, шаарыбызды жүргөн автоунаалардын жол эрежелерин бузууларын каттай баштайт.
Демек, бизге өзүн-өзү пиарлаган бийлик эмес, унчукпай ишти жасаган бийлик, өкмөт керек экенин түшүндүк. Иш мына ушундай нукта жасала берсе, анда өлкөбүздүн келечеги кең экенине ишене берсек болот.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу