17-январдагы кытайларга каршы митиндин уюштуруучуларынын бири Абдымалик Мырзаев болгонбу?

Маалымат порталы — ар кандай темадагы жаңылыктарды жана макалаларды жазуу үчүн маалыматтарды чогултат жана талдайт: саясий, экономикалык, шоу-бизнес, коомдук жана турмуш

Мырзаев өзү белгилүү чөйрөдө таанымал фигура. Анын карьералык жогоруулоосуна суктанууга болот. Ал эмгек жолун түз эле Коргоо министрлигинин жардамчысы болуу менен баштаган. Көп өтпөй аскердик кызматында бир топ секирик жасап, ал Коргоо кенешинин жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигини башкы штабынын курулуш бөлүмүндө жогорку офицери кызматына дайындалган. Мырзаев бул кызматта бир аз иштеп Коргоо министрлигинин маалыматтык коопсуздук башкармалыгынын начальниги кызматына жогорулаган.
2005-жылдагы март ынклабынан кийин Данияр Үсөновдун коргоосу алдында «Шампанвинкомбинат» ишканасынын генералдык директору кызматына дайындалган. Ал бул кызматка жөн эле дайындалып калган эмес. Кыска аралыкта «Шампанвинкомбинат» мамлекеттик иш анасынын банкрот болушуна алып келген.
Мырзаев Бакиев режими кулатылгандан кийин «көчөдө калган». Ал эми 2011-жылы Раушан Рыкунова менен бирге «Элдик фронт” аттуу уюм түзгөн. Уюмдун кеңесин Бишкектеги “Ред Центр” борборуна ачканын эскерте кетели. Бул имарат Максим Бакиевдин жакын адамдарынын бири катары белгилүү болгон Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекичи Жаныбек Бакичевге таандык. Бакчиев учурда парламенттеги “Бир Бол” фракциясынын депутаты.
Мырзаев бир учурда кыйын абалга кептелип, өлкөдөн качууга аргасыз да болгон. Ал баш калкалоо үчүн Россияны тандаган. Ошентип Мырзаев тез арада эле Россиянын жарандыгын алып, 4906 сериясындагы, 807166 неминедеги (от 03.09.2007 года в ТП УФМС РФ) паспорт алган. Катталган жерин болсо Новгород облусунун Парфинов району деп көрсөткөн.
2008-жылы ал 45 жашка чыгып, башка сериядагы жарандык күбөлүк алган. Анда болсо Россиянын Калининград обусун көрсөткөн. Мырзаев Россияда мурдагы коргоо министр Эсен Топоев менен жолугуп, анын жардамын да алган. Топоев мырза экс-кол астында иштеген адамын көчөгө таштабай, кеммерциялык ишкана ачып бергени тууралуу да маалымат бар.

Аргумент.kg