Мас болуп алып урушуп таяк жегендер деле «саясий куугунтук» деп жаза баштады

Саясатта аты белгисиз, бирок «Кырк Чоро» деген уюмдун катарында жүргөн Нуралы уулу Бактыбек деген бар экен. Аны деле жазган постунан кийин билдик. Ал, «30-январда мага белгисиз адамдар кол салып, азыр больницада жатам. Бул саясий куугунтук»-деп пост жазып, элдер талкуулап жатат.
Саясий куугунтук — саясатчыларга болгон кысым. Нуралы уулу Бактыбек деген саясатчы бар экенин эзели уккан эмес экенбиз. Так маалымат боюнча, Нуралы уулу Бактыбек Токмокто мас болуп алып белгисиз бирөөлөр менен уруша кетип таяк жеген. Мастыгынан улам чыккан жеке жаңжалына саясий боек сүртүп, өзүнө пиар жасап жатканы абдан уят. Укук коргоо органдары бул ишти иликтеп, эртең күнөөлүлөрдү тапса, мунун кызылдай калпы чыгат.
Саясат жөнүндө сүйлөгөн бекерчилер, эми өзүн саясий фигура сезип, «саясий куугунтук» жедим дегенине аргасыз күлкүң келет экен….

9

Аргумент.kg
Жооп калтыруу