Жалаакорлор Шайлообек Нарбеков Премьер-министрдин классташы деген ушак таратып жатышат

Кечээ, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары кызматына Шайлообек Нарбеков дайындалган. Дайындоодон кийин «Фейсбукта» такталбаган ушактар тарап, ал кишинин кадыр баркына шек келтирген сөздөр дагы жазылып кетти.
Жалган маалымат тараткандар, а дегенде эле «Нарбеков Премьер-министр Абылгазиевдин классташы экен. Ошон үчүн кызматка алып келиптир»,-деп жазышты.
Билбей туруп жалган айткан жалаакорлорго тактоо киргизип коеюн. Өкмөт башчы 1968-жылкы жана Кочкор районунун кулуну. Нарбеков, 1965-жылы туулуп, Талас облусунда мектепте окуган. Экөө эки жакта чоңоюп өскөн. Бул жалганчылардын негизи жок ушагынын биринчи далили.

Саясий жана жеке кызыкчылыктардын курмандыгы менен мурдагы бийликтин тушунда көп адам жапа чеккенин билебиз. Нарбеков дагы ошолор сыяктуу куугунтукка кабылган. Бирок, ал саясий мотив эмес, кызматтагы «чоңдордун» куйругун басып алган. Кантип?
Каржы полициясынын коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп турганда, «таасирдүү» адамдар «крышевать» кылган коррупциялык схемалардын бетин ачып салган. Анан жалган жалаа менен кылмыш иши ачылып, сотто сүйрөлүп жүрүп, кийин күнөөсү аныкталбай, толугу менен акталып чыккан. Мындан тышкары Нарбековго мамлекет тараптан тийиштүү компенсация төлөнүп берилген. Мындан соң Шайлообек Нарбаев аталган кызматка кайтып келип, 1 жылдан ашуун коопсуздук кызматынын башчысы болуп иштеп, жашы жеткендигине байланыштуу башка кызматка которулуп кеткен.
Нарбековдун Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары кызматына келгени эң туура чечим. Алдын-ала билбей туруп жамандап жаткандар – бирөөнүн күнөөсүн көтөрүүнү адат кылып алгандар.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу