Эрке талтаң аялдай, “эркелеген” экс ажо…

Экс ажобуз, эски жыл менен кошо элдин эсинен биротоло чыккандай болгон. Башкача айтканда ага эч ким деле “мурду кытышпай” калган. Маал-маалы менен жеке менчик каналынан “мен бармын” -деп турбаганда балким такыр эле эстелбей калмак.
Жыл жаңыргандан бери, “Арашандык” байкебиз өзүнө көңүл бурдуруунун “уникалдуу” жолун ойлоп чыкты. Башкача айтканда, эми ар бир кадамын Жолдубаева деген айымдын “оозу аркылуу” саймедирей баштады. Өткөн жумада “Атамбаевди Путин куттуктады”- деп “ашачылар” ай ааламга жар салып “энеси эркек төрөгөндөй” сүйүнүштү. Эми болсо, ошол эле айымдын оозу менен бир туруп “Атамбаев Индияда эс алат”- десе, кайра алты сааттан кийин “Атамбаев эс албай калды”- деп маалымат таркатышты.
Анан да жолуң болгур Жолдубаева айымдын “мындан саясат издебегиле” – дегени күлкүңдү келтирет. Эрке талтаң аялдын эрине эркелен жооругун кайталабай эле, экс ажо каалаган жагына унчукпай барып келсе болбойбу? Чындап келгенде Атамбаевдин кайсыл өлкөдө кимдер менен эс алганы, же “Арашандагы” үйүндө калганы карапайым адамдар үчүн бир тыйынчалык деле мааниси жок.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу