Өмүрбек Бабанов кыргыз элине кайрылуу жасады

Урматтуу кыргызстандыктар!

Мезгил закымдап учуп, дагы бир жылдын сапары карып барат. Жалпы баарыбыз эски жылды узатып, жаңы 2019-жылдын босогосунда турабыз. Жаңы жыл алдында жамы журтка кайрылуу жасап коюну туура таптым.
Биринчиден, кирип келе жаткан Жаңы жыл жергебизге тынчтыкты, өнүгүп-өсүүнү, элибизге байгерчилик жашоону, ынтымакты берсин деп тилейм. Мен элибиздин келечеги кең экендигине, Кыргызстаныбыз өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуларына терең ишенем. Ар бир кыргызстандыктын үйүнө жаңы жылыбыз жаңы бакытты, ырыскыны, бак-таалайды алып келсин!
Эми кептин негизги өзөгүнө токтолоюн. Соңку кездери маалымат булактарында «Өмүрбек Бабанов Кыргызстанга кайтып келет экен» деген сыяктуу маалыматтар тарап атат. Буга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин берген акыркы интервьюсу себеп болду окшойт. Ал маегинде мага карата козголгон кылмыш ишин кайра жабуу тууралуу да сүйлөшүүлөр болгон деген сөздү айтты. Мен мындай сүйлөшүү болбогонун расмий билдирем. Дагы бир жолу кайталайм, президентибиз Сооронбай Шарипович, экс-президент жана менин – үчөөбүздүн ортобузда андай маанидеги сүйлөшүү же макулдашуу болгон эмес. Эми муну Алмазбек Шаршеновичтин жеке абийирине койдум. Элимди кайсы бир саясый топтордун же саясатчылардын мен тууралуу айткан сөздөрүнө ишенбөөгө чакырып кетем.
Мен мындан бир жыл мурун саясаттан биротоло кеткенимди, бизнес иштери менен алек болорумду жарыялагам. Саясаттан тышкары жүрүп дагы, элиме, мекениме кызмат өтөсөм болот. Жаңы бизнес долбоорлорумду ишке киргизе алдым. Кудай буйруса, ал долбоорлордун үзүрү бир нече жылдардан соң Кыргызстанга да пайдалуу болуп каларынан шегим жок.
Мен эми саясатка кайрадан кайтып барбайм. Бул менин кабыл алган акыркы чечимим. Саясатта кимдир бирөөлөрдү өзүмө курал кылууга да, кимдир бирөөлөргө өзүм курал болууга да жол бербейм. Менин сыртымдан тон бычып, менин атымдан чечим кабыл алгандарды өз абийирлерине койдум.
Дагы бир жолу жалпыңыздарды кирип келаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Өлкөбүздүн келечеги үчүн ар бирибиз өзүбүз сүйгөн тармакта татыктуу салымдарды кошо берели.

Урматым менен, Өмүрбек Токтогулович Бабанов

Аргумент.kg
Жооп калтыруу