3-4 айдын ичинде коррупция менен күрөш түз эле Алмазбек Шаршеновичтин эшигине такалабы?

Учурдагы президентибиз Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин коррупция менен иш алып баруу жөндөмдүүлүгү боюнча өзүнүн оюн журналист Медер Шерматалиев төмөндөгүчө билдирген:

Форумдун статистикасы боюнча, коррупция менен күрөштө Сооронбай Жээнбеков Алмазбек Атамбаевди кубалап жетиш үчүн 11 эсе көп иштеш керек экен. (Якобы)

P.S. Алтындарым, чыдай тургула энди. Президенттин алдыда дагы беш жарым жылдык мөөнөтү бар. Азыркыдай ыргак менен кетсе, 5 жыл эмес жакынкы 3-4 айдын ичинде коррупция менен күрөш түз эле Алмазбек Шаршеновичтин так эшигине барып такалып калышы да мүмкүн. Статистиканы ошондо баарылап чогу чийебиз. Азыр жөжөнү эрте санабай туралы..

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу