Министр Кочкоров убада бербей эле аткарып жатат

Жөн эле асманда учуп жүрө бербеген, а чыныгы иштер менен алектенген министр деп ишенимдүү түрдө Улукбек Кочкоровду айтса болот. Чуулгандуу кызматтан кеткен министр айымдын ордун ага сунуштаганда көп адамдар аны бул кызматка татыктуу талапкер экенин айтышкан. Ошондо эле У.Кочкоровго жакшы пикирлер айтылып анын таза жана ыплас иштерге аралашпаган чиновник катары сыпатталган. Бир гана окуяны эске сала кетели. 3 жыл мурда Баткен облустук оорукананын бейтаптар жата турган бөлмөнү өз эсебинен оңдотуп берген. Ал балдар кандай шартта дарыланып жатканын жөн карап тура алган эмес. «Бул ооруканада дайыма көптөгөн көйгөйлөр болуп турган. Бирок мени баарынан да балдардын инфекциялык бөлүмү ойлондурду. Ал жер өтө нымдуу болуп, бир топ жылдан бери канализация иштебей турган. Терезелер жыртык, шыбактары түшкөн», — деп айткан Улукбек Кочкоров. А Саламаттыкты сактоо министри аталган ооруканада оңдоо иштери жашоочулардын күчү менен жасалды деп айткан. Кочкоров азыркыдай эле атак даңк издеген эмес.

Жакында Кочкоров Бишкектин четиндеги конуштарды кыдырып чыкты. Мурдараак «Балдарды коргоо борбору» коомдук уюму жаны конуштардагы жөлөк пул тууралуу жаны мыйзам кандай ишке ашып жаткандыгы боюнча өз изилдөөлөрүн ЖКнын профилдик комитетинде тааныштырган. Кочкоров жеке өзү элдин аялуу катмары менен жеринде таанышууну чечкен. «Биз анын жасалмалуулукту көргөн жокпуз. Биздин башка аткаминерлерибиз аңдан үлгү алышы керек» — деп комментарий калтырган “Балдарды коргоо борбору» коомдук уюмунун мүчөсү Кумар Эргешов.

Улукбек Кочкоров беш баланын атасы катары жаш жеткинчектерге эмне керек экенин абдан жакшы билет. Ал депутат болуп турганда 30 мыйзамга демилгечи болуп, мыйзам актыларын кабыл алууга активдүү катышкан. Министрлик орунду ээлеп отуруу эмес, анда иштөө маанилүү нерсе. Кочкоров өзү деле кызматка киришип жатканда “өз билимимди жана дараметимди пайдаланып, татыктуу иштеп берем” деп айткан. Биз болсо Улукбек мырзанын сөзү иш жүзүндө далилденип жатканын сезип жатабыз.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу