Сапар Исаков премьер кезинде кайсы жерлерди Атамбаевге өткөрүп берген?

Экс-ажо Алмазбек Атамбаев өзүн өтө акыйкат жана чынчыл, таза саясатчы катары көрсөтүүгө көп эле аракеттерди жасап келет. Өзгөчө президенттик доорунун акыркы жылдарында өзүнүн алгачкы миллиондору кайдан келгенин ар түрдүү вариантта айтып, коомчулуктун алдында «Мен тээ 1990-жылдардын башында эле мультимиллионер болчумун» деп мактанып алганын көп көрдүк.

Бирок, ошол «өтө тазамын» деген экс-ажо өзүнүн президенттик доорунда гектарлаган жер тилкелерин мыйзамсыз жол менен сатып алганы ачыкка чыгууда. Анын Кой-Таштагы 2,7 гектар жерге курулган хансарайы тууралуу өзүнчө кеп кылса болот. Андан тышкары анын Ысык-Көл аймагында да ызы-чуулу жерди сатып алганы жакында эле ашкере болду. Ал кандай жерди сатып алганы түшүнүктүү болушу үчүн бир аз кененирээк маалымат берүүгө туура келет.

Алдын ала белгилеп кетүүчү жагдай, АШАнын мындай мүлккө ээ болуп калышына “оң колу” Сапар Исаковдун ролу чоң болгон. Биздин колдогу документте көрсөтүлгөндөй, 2017-жылдын 23-октябрында ошол убактагы премьер-министр Сапар Исаковдун токтому менен аталган жер «Фрунзе Резортко» 49 жылга ижарага берилген. Ал эми ошол эле жылдын 11-декабрында С. Исаков дагы бир №801 токтому менен ал жерди Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берген. Андан соң туризм обьектилерин курууга уруксат берилген бул жер бир ишкерге өтүп, Атамбаев из жашыруу үчүн үчүнчү колдон алганын белгилеп кетели. Анда бул көз боёмочулук кандай болгонун тизмектеп берели.

2016-жылдын июль айында Шабданов Анвар аттуу жаран Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылындагы «Бригантина» эс алуу борборунун ээси болуп саналган Сыргак Орозалиев аттуу жарандын ишеним каты менен Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы У. Абдыкалыковго «Бригантина» эс алуу борборунун территориясына жакын жайгашкан 4,61 га жер тилкесин убактылуу пайдаланууга алуу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок, анын өтүнүчү анда канааттандырылбайт.

Андан кийин А. Шабданов Ысык-Көл облусунун райондор аралык сотуна Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү аталган жер тилкесин берүүсүн талап кылган өтүнүч менен кайрылат. Райондор аралык соту А. Шабдановдун арызын толугу менен канааттандырат. Ошентип аталган жер тилкеси аталган айыл өкмөтүнүн чечими менен С. Орозалиевге А. Шабдановдун колундагы ишеним каттын негизинде 5 жылга ижарага берилет. Андан ары кыскарта айтканда, Ысык-Көл райондук администрация башчысы Д. Иманалиев аталган жерди «Фрунзе Резорт» ЖЧКсына 49 жылга ижарага берүү токтомун чыгарат.

А. Шабданов «Фрунзе Резорт» ЖЧКсынын атынан аракеттенип жүргөнүн да айта кетели. Ошентип ал аталган жерди 5 жылга ижарага алып алгандан кийин да жөн жатпай ошол эле жерди эми 49 жылга туризм обьектисин куруу өтүнүчү менен Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына кайрылат. Эң кызыгы ал жер тилкеси ошол убакта 2021-жылга чейин С. Орозалиевге таандык болуп саналган.
Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнүн С. Орозалиев менен келишимди жокко чыгаруу болбой тургандай кылып чыгарган. С. Орозалиевдин атынан А. Шабданов аракет кылганын жогоруда айттык.

Анан 2017-жылдын 19-декабрында «Фрунзе Резорт» ЖЧКсы Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүнө кайрадан кайрылып, ал жер тилкесинин 2,63 га бөлүгүн башка бирөөнө сатууга уруксат сурайт. Мына ошол жерди экс-ажо Алмазбек Атамбаев КР президентинин жана өкмөтүнүн иш башкармалыгынын башчысы Т. Коеналиев аркылуу сатып алган экен.

Жогоруда айтып кеткендей бул жер тилкесинин берилишинин өзү башынан эле мыйзам бузуулар менен коштолгон. КР Жер кодексинин 29-беренесине ылайык, уполномоченный мамлекеттик орган жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун аткаруу органы жер тилкесин жеке менчикке же пайдаланууга электрондук форматта жүргүзүлө турган соодалашуу (аукцион десе да болот) жолу менен бере алат. Ал эми бул жер тилкеси боюнча эч кандай соодалашуу же аукцион болгон эмес. Андыктан ал жердин «Фрунзе Резорт» ЖЧКсына түз жол менен эле сатылып кеткени мыйзамсыз болуп саналат.

Экинчиден, КР Жер кодексине ылайык айыл өкмөтү жер тилкесинин максаттуу багытына өзгөртүү киргизүү укугуна ээ эмес. Ал эми Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү өзүнүн жогорудагы токтому менен «Фрунзе Резорт» ЖЧКсын жер тилкесинин ээси деп таап жана ага турзим багытындагы обьектилерди курууга уруксат берип койгон. Анан айыл өкмөтүнүн жана райондук администрациянын чечимине таянып, мурдагы премьер-министр С. Исаков токтом кабыл алып атат. Ошондо С. Исаков да мыйзамды бузган болуп атабы? Эң негизгиси ошондой мыйзам бузуу менен ижарага алынган жерди А. Атамбаевдин сатып алып атканы кандай? Бул үчүн эми ага кандай жоопкерчилик каралышы керек.

Булак: Argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу