Фарид Ниязовдун “торпедасы” Рябушкин да жоопко тартылышы керек

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда “Вечерний Бишкек” басылмасы рейдерлик басып алууга кабылган. Кирешеси ашып, иши жүрүшүп жаткан бул басылмага алгач АШАнын кеңешчиси Фарид Ниязовдун көзү түшүп, аны ээлеп алууга ар кандай амалдарды ойлогон. Качан гана бир кездери “Вечерний Бишкектеги” акциясын сатып, жай турмушта жүргөн Александр Рябушкинди тапканда арам оюн ишке ашыра баштаган. Ф.Ниязовдун сунушу Рябушкин үчүн да өтө жагымдуу болгонун билгендер айтып жүрөт.
Ошентип басылманын чыныгы ээси Александр Кимди ак жеринен күйгүзүп, сотторго көрсөтмө берүү менен Ниязов максатына жетип, басылманы Рябушкинге алып берет. А.Кимди болсо шарттуу түрдө эркинен ажыратып тим калбай, анын мойнуна миллиондорду илет. Ал эми Ф.Ниязов бул эмгеги үчүн ай сайын “Вечерний Бишкектен” өз үлүшүн акча түрүндө алып турганын билгендер айтып жүрөт.

АШАнын доору аяктап, анын учурунда жасалган чуулгандуу кылмыш иштери ачыкка чыккандан кийин А.Ким да акыйкаттык издеп сотко кайрылган. 22-октябрда болсо Жогорку Сот аталган ишти карап, Ким мырзага чыккан чечимди жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберди.

Ал эми Фарид Ниязовдун “торпедасы” Рябушкин мыйзамсыз аракеттерге барып, рейдерлик басып алууда негизги каарман болгону үчүн катуу жазаланышы керек. Андан сырткары, Ф.Ниязовго ушунча аралыкта канча каражатты “үлүш” катары бергенин, анын кандай тапшырмаларын аткарганын ачыкташы зарыл. Укук коргоо органдары бул ишке тиешеси бар деп айтылган АШАнын дагы бир шакирти Алмаз Үсөновдун да аракеттерин иликтеши абзел. Мамлекетке ири салык төлөп, канчалаган адамдарды жумуш менен камсыз кылып турган басылманы бүгүнкүдөй абалга алып келгендер жазалансын. “Вечерний Бишкек” гезити боюнча мамлекеттин кызыкчылыгына төп келген чечим чыгышы керек.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу