2019-жылы кандай окуялар болот? Нострадамус менен Ванганын айтып дегени

Sputnik эл оозундагы көзү ачыктар менен астрологдордун божомолун карап көрдү. Айтылгандардын айрымдары ишенимдүү көрүнсө, кээси акылга сыйгыс нерселерди да божомолдоп жиберген. Кандай болгон күндө мындай «көзү ачыктык» дайыма адамдын кызыгуусун жаратып келген.

2019-жылы кандай окуяларга күбө болобуз? Бул суроону көп киши берет. Аларга экстрасенстер, көзү ачыктар жооп берүүгө аракет кылышат. Sputnik белгилүү көзү ачыктардын айтып дегенин сунуштап турган чагы.

Алардын эң эле айтылуусу — Нострадамус деген латын ысымы менен белгилүү Мишель де Нотрдам өз убагында 2019-жылга да саресеп салганы.

Sputnik Армения агенттигинин айтымында, орто кылымда жашаган атактуу астролог жана дарыгер билгенин латын, эски француз, италия жана грек тилдерин аралаштырып жазган.

Көзү ачыктын божомолунун баары «Мишель Нострадамустун алдын-ала айтуусу» деген китепке уйкашкан төрт саптар (катрен) болуп жарыяланган.

Үчүнчү дүйнөлүк согуш

Нострадамустун тексттерин чечмелеген француз блогерлер көзү ачык 2019-жылы үчүнчү дүйнөлүк согуш тутанарын айтканын жар салышты.

Кагылышуунун бир тарабында АКШ же Европа, экинчи жагында Россия же Кытай болору божомолдонгон. Бул согуш узакка, 27 жылга созулары да айтылган. Эгер китептеги сөзгө ишенсек, окуя Батыштын алсызданышын шарттайт экен.Мындан тышкары, Нострадамус маалыматтык согуш — «сөз кылычтан курч болгон» мезгил тууралуу да саймедирейт. Ошондой эле экстремисттик идеялар жайылгандыктан, терактынын да көп болору айтылат.

Астролог бир катар европалык мамлекеттерде дүйнө тааным өзгөрө турганын божомолдойт. Андан тышкары, 2019-жылы Батышта христиандык баалуулуктардын мааниси төмөндөп, ислам кеңири кулач жаят деген.

Ири жер титирөөлөр жана сел

Нострадамус кирип келе жаткан жылы табигый кырсыктар да көп болорун айтып кеткен. Негизинен АКШда үрөй учурган жер титирөө болуп, бул зилзала өлкө тарыхындагы эң ири кырсык болорун боолгологон. Бул айтылгандарды эске алуу менен изилдөөчүлөр жер титирөөнүн очогу Калифорния менен Ванкувер аралынын (Канада) ортосунда жайгашарын аныктып чыгышты.

Илимпоздун айтканы боюнча, бул жылда сел да көп жүрөт. Суу Түркия менен Ирандын чегиндеги аймакты каптайт деген божомол бар.

200 жашка чейин өмүр сүрүү

Нострадамус 2019-жылы жарыкка келгендер 200 жашка чейин өмүр сүрө турганын да айткан. Көзү ачык буга медицинадагы жетишкендиктер себепчи болот деген пикирде экен.

Мындан тышкары, илимпоздор заманбап технологиянын жардамы менен түзүлүш ойлоп таап, ал жан-жаныбардын «тилин түшүнүүгө» өбөлгө болорун да божомолдогон.Баса, Нострадамус 2018-жылы дүйнө жүзүнүн баары сезе турган жер титирөөлөр болорун да айтып кеткен эле. Быйыл зилзаладан Венесуэла, Индонезия менен Япония катуу жабыркады, ал эми АКШнын Калифорния штатында токой өртү бир топ кесепетке кептеди.

Ванга эмне дейт?

Известная болгарская ясновидящая Ванга Болгариялык көзү ачык Ванга

2019-жылга болгон божомолун 1996-жылы каза болгон болгариялык көзү ачык Ванга да калтырып кеткен.The Daily Mail басылмасынын маалыматы боюнча, Ванга 2019-жылы эки дүйнөлүк лидердин ортосунда чоң пикир келишпестик жараларын айткан.

Кирип келе жаткан жылы Россия президенти Владимир Путин өзүнүн коопсуздук командасындагы адамдын кол салуу аракетине дуушар болсо, АКШ лидери Дональд Трамп белгисиз оорудан кулагы укпай калышы мүмкүн экен.Европа ири экономикалык коллапстан улам кыйроого учурай турганын айтып, буга Улуу Британиянын Европа биримдигинен (Brexit) чыгуусу себеп болорун боолгологон.

Көзү ачыктын айтканына караганда, Пакистан, Индия, Кытай, Япония жана Индонезияда жер катуу титирейт.

Белгилей кетсек, болгариялык көзү ачык буга чейин Brexit тууралуу, «Ислам мамлекетинин» пайда болорун, 11-сентябрдагы АКШдагы теракт жана «Курск» суу алдында жүрчү кеменин кыйроосун алдын-ала айткан.

Булак: Спутник 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу