2010-жыл 7-апрелдеги сиз билбеген ЧЫНДЫК…

7 — Апрель окуясы — (2010 жылы) мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясатына каршы кызыкчылык топтордун аракети менен болгон.  Кандуу кагылыштын арты менен бийлик анткор Убактылуу Өкмөттүн карамагына өткөн.

Андан соң Роза Отунбаева башчылык кылган Убактылуу Өкмөт өз кезегинде конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана өлкөдө парламенттик башкаруу системасын орнотуу жөнүндө иш-аракеттерин жасаган.

Өлкөдөгү баш-аламандык 2010-жылы 6-апрелде Талас шаарында башталып, коопсуздук күчтөрү менен кагылышууга алып келген. Бирок ошондогу Убактылуу Өкмөттүн курамындагы турган белгилүү саясатчы аталган облустун укук коргоо башчысына “Таласта жок дегенде 10 адам өлүшү керек” деген буйрук берген. Таластагы кандуу кагылышуудан кийин атайын башкармалыкк а телефон кылып, “эмне үчүн адам өлгөн жок, мен жок дегенде 10 адам өлүшү керек эле деп айтпадым беле?”, -деген.

Тилекке каршы, Таласта 6-апрель күнү мурдагы ИИМ министри Молдомуса Конгантиевди мыкаачылык менен сабашкандар азыркыга чейин кылмыш жообуна тартылбай келишет.

Баса, апрель окуясы башталаары менен УӨ акчага иштей баштайт. Мисалы, Таласка Ички иштер министр М.Конгантиевди оппозициянын өкүлдөрү кармап алышып, катуу ур-токмокко алып каттуу жаракат алат. Ошондогу УӨ айрым мүчөлөрүнөн Конгантиевди аялы 40 миң долларга сатып алгандыгы тууралуу маалымат ачыкка чыгат.

7-апрелде кандуу кагылыш күчөйт. Таң калычтуусу митингке чыккандардын көпчүлүк катардагы жарандар куралданып, Ак үй тарапка ок атышат. Ошентип бийлик Роза Отунбаева жетектеген 15 убактылуу өкмөттүн колуна өтөт. Убактылуу Өкмөт айласы кеткенде аянтка чыгып алып, колун көкүрөгүнө коюп Манастын да эң эле күчтүү жана эң эле катуу анты — “”Төшү түктүү жер урсун, төбөсү ачык көр үрсун!””, деп ант ичет.

Тилекке каршы 15 УӨ мүчөсү дагы Кыргызстанды 10 жылдан ашуун башкарса дагы колдорунан “пок” дагы келбей, ыркырап, мамлекеттеги кадр саясатын булгап, өлкөнү бүтүндөй баш аламандыкка алып келди.

Эми апрель окуясы тууралуу микрафон узаталы. “Ак калпак” партиясынын төрагасы Улукбек Матаев:

— Сиз ар дайым 7-апрель окуясын мамлекеттик куралдуу төңкөрүш  деп айтып келесиз, кндайча?

— Мен бул бааны апрель окуяларынан бир-эки жыл өткөн мезгилде бергем.  Ошондо мен айткан нерсенин баары азыр толугу менен далилденди! Анткени, апрель окуясынын шылтоосу менен бийликке келген Атамбаев курман болгон балдардын бейитинин алдында берген антын унутуп, Кыргызстанды каалагандай, ар жагынан жеп түгөткөнү калган экен! Ал революция деп өздөрү айтып жүргөн нерсенин идеалдарын сатып кетти. Демек, булар 7-апрелде эл үчүн эмес, өздөрү бийликке келип, байыш үчүн элдин башын айлантып аянтка алып чыккан экен да! Бул төңкөрүш да! Эми гана Атамбаевдин: “Миң киши өлсө эч нерсе эмес, эң башкысы бийликти алабыз”- деп айткан сөзүнүн мааниси белгилүү болуп калды окшойт. Муну Ф.Кулов өзүнүн китебинде да жазган. Апрель окуяларын кимдер уюштурду? Кечээ эле март ыңкылабында Бакиевдин жанында жүргөндөр, б.а. эски саясий элита. Көпчүлүгү Бакиевдин тушунда чоң кызматтарда жүрүштү. Атамбаев премьер-министр да болуп, 2008-жылы митингге чыккандарды “стадо баранов” деп да мазактабады беле. Жада калса бүгүн “канкор” деп мазактаган адамдын колунан жадырап-жайнап “Даңк” медалын тагынганын бүт эл билет го. “Сизден өткөн айкөл президент жок”- деп мактабады беле. Буларга бир гана нерсе керек болгон – бийликти алып, каалагандай жеп, башкаруу. Экинчи жагынан бул төңкөрүштү Орусиянын бийлиги да колдогону айтылып жүрөт. Анткени, АКШнын базасын чыгарарына убада берип, көп өтпөй кайра: “бюджетке жакшы пайда алып келип жатса, чыгарып ийген болбойт”- деп баш тарткан кыргыз бийлигине кыжыры кайнап турушкан. Атамбаевди да орустар “АКШнын базасын чыгарасың”- деген талап менен колдогон окшойт. Анткени, ал келери менен базаны чыгарып жибербедиби… Орустарга Бакиевдин өз алдынча, көз карандысыз саясат кылуу дымагы жаккан жок.

— Улукбек мырза, 2010-жылдын апрель айында жүз алган окуядан 90го жакын эр азамат окко учту. Бул балдардын өлүмүнө чынында ким күнөөлүү деп ойлойсуз? Атамбаевдин го “…эң башкысы бийликти алабыз” дегенин өйдөдө сөз кылдык…

— Чындыгында, карапайым эл бийлик талашкан тараптардын куралы гана болуп берди. Элди пайдаланышты. Апрель окуялары боюнча атамбаевчилердин соту катардагы эле шоу болду. “Сен Бакиев менен иштегенсиң!”- деп эле соттой берген болбойт да. Мына, ошол кезде Ак үйдү коргоого алган “Альфа” тобунун жоокерлерин да сотко жетелешти, канчасын күнөөлүү кылышты. Бирок, бул балдар өздөрүнүн милдетин аткарышты да. Көрдүк го, 2010-жылдан кийин да канчалаган майда митингдер орун алды, Атамбаев жөн гана телефон менен сүйлөшүп койгондугу үчүн “бийликти басып алганы жатат”- деп четинен баарын камап жатты го. А бул логика менен карасак, Атамбаевдин өзүн куралуу төңкөрүшкө баргандыгы үчүн эмнеге соттобой жүрөбүз? Себеби, аянтка келген топтун колунда куралдар да бар болгонуна бүт эл күбө. Октор кайсы жактан атылганын экспертиза далилдеди. Атамбаев башкаларга кандай күнөө коюп жатса, андай күнөө өзүндө да бар экенин сезиши керек. Саясий куугунтуктуу токтотуу ал окуяларда башкы талап болгон. Чынында саясий куугунтук кандай болорун Атамбаев өзү бийликте туруп көрсөттү. Сындап койгону үчүн эле Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков, Камчыбек Ташиев өңдүү саясий ишмерлерди болбогон шылтоо менен камап, эзгенин кантип унутабыз? Эми гана өзүнүн башына иш түшкөндө: “мени жок кылгылары келип жатат”- деп азыркы бийликти айыптап жатканы бет тырмачылык, — деген пикирин билдирди.

Сиз билбеген чындык

Ошентип, 6 -апрель күнү Таласта митингде КР Ички Иштер министри Молдомуса Конгантиевдин сабалышанын кийин кырдаал Түштүк тарапта курчуп, ошондогу оппозициялык «Ата-Мекен» партиясынын өкүлү Болот Шер-Нияз Жалал-Абад облусуна барып, жоон топ элдин курчоосунда калат. Кудай жалгап ал жактан алтын башы аман калып тилекке каршы кол телефону элдердин колунда калат. Телефондо, “биз Бакиевдердин баарын өлтүрүшүбүз керек, эгерде алардын баарын өлтүрбөсөк кийин өзүбүзгө кыйын болот”, деген жазылган СМСти окуп, элдин ого бетер кыжыры кайнайт.

Тейитте турган Курманбек Бакиевге чет өлкөнүн мамлет башчылары тынымсыз байланышып турат. Мен билгенден Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев, Кыргызстанда түндүк-түштүк маселеси курчуп кетпеши үчүн Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгып кетүү сунушун айтат. Чындыгында ошол учурда өлкөдө билинбегени менен түндүк-түштүк маселеси курчуп бара жаткан эле.

15-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиев Кыргызстандан түндүк-түштүк маселеси курчуп кетпеши үчүн мамлекетти таштап чыгып кетет.

Убактылуу өкмөт Ак үй мамлекеттик корукта экендигин билип турса дагы Бакиевди массалык өлтүрүүлөрдү уюштургандыгы жана бийликти толугу менен басып алгандыгы үчүн айыптап, сырттан сот жообуна тартат. Бул өтө күлкүмүштүү! Анткени алар өздөрү мамлекеттик корукка алынган имаратты курал менен басып алганы үчүн жоопко тартылышы керк эле да!

Ошентип УӨ жаңы конституциянын иштеп чыгуу маселесин карап, аны референдумга коюу жана 2010-жылы октябрь айында парламенттик шайлоолорду өткөрүү тууралуу маселелерди карап, Грузиядан акыл сурайт. Тилеке каршы арадан 10 жылдан ашуун убакыт өтсө дагы өлкөдө экономикалык жылыш артта калды.

Расмий маалыматтарга таянсак, бийлик алмашуу үчүн курман болгондордун саны 86 адамды түзөт. Бирок милиция кызматкерлеринин колунан канча адам каза болгондугу азыркыга чейин ачык айтылган эмес. Белгисиз жактан атылган октор, Азимбек Бекназаров айткан снайперлер жана баллистикалык экспертизадан өткөрүлбөй кала берди.

ИИМдин атайын Мамлекеттик коргоо боюнча башкы кызматынын 111 кызматкери ар кандай жаракат алышкан. 23 милиционер стационардык дарылануудан 69 адам — амбулатордук дарылоодон өткөн. Каза болгондордун арасында ИИМдин Академияснын эки курсанты — Эдиль Такырбашев жана Никита Кущ каза болгон.

Ошентип, УӨ баштаган  баш аламандыктан ири соода борборлору — Vefa жана Бета Сторес, жана кытай ишкерлеринин — Гоин соода борборлору, андан сырткары — Караван, Дордой Плаза, «Народный», «7 Дней» ж.б. дүкөндөр түйүнү жабыркаган. Улуттук көркөм сүрөт музейи жана УТРКнын имараты да талкаланган. Бир нече баалуу сүрөттөр уурдалган.

“Революционерлер” апрелдин азалуу кара күндөрүндө ачыктан-ачык тоногон банк депозиттери болсо “ал эле бул эле”, деген шылтоо менен жокко чыкты. Уялбаган уурулар апрелчи УӨ “банктагы уурдалган акчаларды Бакиевдер алып кетти деп элге “карандай калп” айтышты. Бирок так ошол банктан акчаны уурдап чыккандардын алды шал оорусу менен ооруп, арты бетин табактай кылып Кыргызстанда жашап жатканын көпчүлүк билбейт.

Ал эми «мыйзамсыз чыгарылып кеткен» деп кине коюлган 3 миллиард 780 миллион долларлык векселдердин таржымалын 2010-жылы 7-октябрда Башкы прокуратура аны «Бакиевдерге таандык болушу мүмкүн» деген негизде чыккан. Бул чоң акчаны Бакиевдер мамлекеттен алып чыгып кетпей эле вексель боюнча Кубатбек Байболовдун башы кылтыйып чыгып турса да, Убактылуу Өкмөт “өлүмүш” болуп баарын бакиевдерге шылтап койбоду беле?

Эми күлү сапырылып өрттөлгөн Башкы прокуратура тууралуу сөз кылган да киши жок. 10-жылдан бери Демир Банк өзүнүн жарнамалык ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Эгер мыйзамды карай турган болсок, Ак үйгө караганда Башкы прокуратуранын мааниси алда канча чоң болчу.  Ал жерде нечен жылдардан бери чогулуп келе жаткан документтер бар эле. Ошондо аянтта 8 күн кызыл жалын аймап, кара түтүн каптаган Башкы прокуратура бир өчүрөйүн деген жан болгон эмес.

Баарынан ошондогу калпычы Убактылуу Өкмөт кармап алдык деген СНАЙПЕРЛЕР кайда калды? Азыркыга чейин белгисиз. Кыскасы өз убагы келгенде Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн тарых замбирек менен эмес, тирүүлөй туз мылтык менен атат.

Андыктан ошондогу УӨ азыр кетирген катасын мойнуна алып, элден кечирим сурап, банктагы уурдап алган акчаларын кайтарып бериши керек.

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Роза Отунбаева баштаган айрым батышчыл саясый күчтөр баш көтөрө баштады. Кечээги каралуу күн кайра кайталанбасын десеңиз, айрым кыргыз элине Кыргызстанга күйбөгөн айрым саясатчыларды көздү жумуп туруп садага чаап салсаңыз боло берет. Кыргызстанга кайра революция керек эмес. Сиз күчтүү, акылдуу, көрөгөч, мыкаачы да болушуңуз керек! Тилекке каршы, айрым жаныңыздагы “Сүмбүлдөрдүн” сүрүнөн азыр эч ким коркпойт! Кадр тандоодон жаңылышпаңыз! Сизге мыкты, сүрдүү, башы иштеген кадрлар керек, Сиздин айрым кадрлар эч нерсе жарабаган “кур дүрмөт”….

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу