2010-жылы өзбек сеператисти менен колтукташкан Атамбаев, эми уйгур сеператисттери менен жетелеше баштадыбы?

2010-жылы өзбек сеператисти Кадыржан Батыров менен улам жолугуп, тымызын убадаларды берип көптүргөн Алмазбек Атамбаев, Ош кайгылуу коогалаңынын себепчиси болгон.
Кадыржан Батыров Алмазбек Атамбаев менен жолугуп кеткенден кийин, түштүктөгү өзбек тектүүлөрдү чогултуп, ачык жана жашыруун жыйындарда «мына убакыт келди, баш көтөрөлү улутташтар! Мен, Убактылуу өкмөттүн жетекчилеринин бири менен жолугуп келдим. Колдоо болот!»,-деп бакылдап кыйкырганын видео жазуулардан көрсөк болот. Алмазбек Атамбаев менен Кадыржан Батыровдун эң көп жолукканын Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Э.Каптагаев, Ө.Текебаев дагы мындайча тастыктаган:
«Кадыржан Батыров менен Алмазбек Атамбаев эң көп жолугушкан»,-дейт Каптагаев. Текебаев дагы бул пикирдин чын экенин ММКларга айткан.

Ошентип, Алмаз Атамбаевдин колдоосуна ээ болуп алган Кадыржан Батыров кийин сеператисттик кадамдарга өтүп, кыргыз-өзбек жаңжалын, кадимкидей кандуу согуш баштап жиберген. Коолалаң учурунда Алмазбек Атамбаев киши чаптырып, Кадыржан Батыровду Кыргызстандан узатып, качырып жиберген. Аны Кадыржан Батыров, «Азаттык» радиосундагы маегинде мындайча айтат:

«Оштогу жаңжалдан кийин Алмазбек Шаршеновичтин кишилери келип, сиз чыгып туруңуз. Абал жайына келгенде кайра киресиз дешти. Мени ошентип Кыргызстандан алдап чыгарып жиберди. Кийин, болгон ишитин барына мени күнөөлөп салышты»,-дейт К.Батыров.

Тактап айтканда Ош каргашалуу окуясына Алмазбек Атамбаевдин салымы абдан чоң, түз күнөөлү! Эми, адатынча кайра эле ошондой каргашаны кайталаганы турат. Кыргыз эли ага маани бербей жатканы коркунучтуу жана өкүнүчтүү.

Кантип?

Жакындан бери «Антикытай» кыймылы пайда болуп, белгисиз адамдар тарабынан интернет аркылуу уюшулуп, чакырыктар ташталууда. Муну, көпчүлүгү диний жана улуттук көз караш менен кабыл алып, «кытайга каршы чыгуу — патриоттуулук!»-деп кабыл алып жатат. Тилекке каршы бул такыр патриоттуулук эмес. Бул Кытайдагы куугунтук жеп, кысымга алынган, Кытайды жек көрсөткүсү келген Уйгур сеператисттеринин саясаты. Алар, кыргыздардын улуттук баалуулуктары менен ойноп, патриоттуулук сезимдерин өздөрүнүн кызыкчылыктарына колдонуп жатат. Биз кыргыздар чала түшүнүп алып ураалап жатабыз. Мындай сеператисттердин аракеттерин бийликке таарынган, кайра бийликти кандуу жол менен болсо дагы алгысы келгендер колдоп жатышат.
7-январда «Антикытай» митингине чыккандарды көзөмөлдөп, көзүн жаап алып Мээрбек Мискенбаев тейлеп жүрдү. Митингчилер кийин Бишкектеги уйгурлардын «Арзу» кафесине барып чогуу тамактанышты. Сый тамак кафенин ээси тарабынан уюшулганы белгилүү болду. Мына ушул далилден кийин Алмазбек Атамбаев менен уйгур сеператисттери бириккенин байкаса болот.
Атамбаевдин азгырыгына ишенип, кайрадан башыбызга кайгы алып келип албайлы, ойлонолу кыргыздар! Атамбаев кайра эле 2010-жылдагы Ош коогалаңын, улуттар аралык жаңжал чыгаруу багытына бара жатат. Эртең, кыргыз-кытай жаңжалына уйгур сеператисттери от коюп, азабын карапайым кыргыз эли тартып жүрбөйлү. Эсибиз барда этегибизди жабалы!

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу