17 жаштагы эне 9 айлык баласын 7 күн ит менен жалгыз таштап кетип калган

Ростов шаарынын тургуну 17 жаштагы Виктория достору менен көңүл ачып келүү үчүн өзүнүн 9 айлык баласын үйдөгү ит менен кошуп жалгыз таштап кеткен. Виктроиянын күйөөсү армияда болгондуктан Виктория төрөгөндө эле баласын балдар үйүнө калтырып кеткен.

Бирок кийин жолдошунун сунуншу менен кайра өзүнө алган. Виктория күлкү менен шаң коштогон жерлерден калбай баласын жалгыз таштап кетип калган күндөрү көп болгон. Ошондой күндөрдүн биринде достору менен эс алууга дагы бир шылтоо болуп баласын жалгыз таштап 7 күнгө кетип калган.

7 күндөн кийин келгенде ымыркай ачкалыктан чарчап калган. Досторунун айтымында Виктория баласына караганда мышыгы менен итине көбүрөөк көңүл бөлгөн.

Сот учурунда Викторияга эмнеге бул кадамга бардың?- деген суроо узатышканда, ал жай гана «ал мага кафеге барганга тоскоолдук жаратчу, эми ал жок жашоом тынч болот» — деп жооп берип элдин баарын чоочуткан. Викторияны күнөөлүү деп тапкан сот аны 6 жылга эркинен ажыраткан.

Окуяны уккан Викториянын жолдошу армиядан келээри менен сотко ажырашуу тууралуу арыз жазаарын жана 6 жыл Викториянын кылган күнөөсү үчүн аз экенин билдирген деп жазып чыкты life.ru.

Булак: NazarNews.kg



Сиздин пикир