16-мартка күтүлгөн аба ырайы…

15-марттан 18-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Автоунаалардын ортосундагы аралык 500 метр менен чектелиши зарыл.

16-мартта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 17…22,

Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз 8…13,

Ошто түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Баткенде түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 4…9,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19…-24, күндүз -4…+1 градус болот.

16-мартта Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7°, күндүз 19…21° градус жылыйт.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу