150 млн. долларды уурдап, 500 млн. долларлык карызды мойнубузга илген Алмазбек Атамбаев.

Кыргызстандагы аң сезимдүү адамдар Бишкек ТЭЦинин айланасындагы жаңжалдардан алигече өздөрүнө келе элек.Бизде коомду коррупциялык көрүнүштөр сары чырмооктой чырмагандыгын элдин бардыгы билет, ал чындык, бирок Бишкек ТЭЦин модернизациялоого байланышкандагыдай, жунглидегиден бетер мыйзамдарды да, башкаруу органдарындагы регламенттерди да ачыктан ачык тебелеп тепсеп, коомчулукту, элди жаш баладай алдап, мамлекетке мынчалык өлчөмдө зыян келтирүү фактысы буга чейин Кыргызстандын жаңы тарыхында болгон эмес.

Ооба, Кумтөрдүн чатагы болгон, ал азыр деле тыйыла элек, бирок Кумтөр үчүн Кыргызстандын эл аралык уюмдарга, банктарга карыз эместиги да чындык. Ал эми Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо артында экс-президент А.Атамбаев турган бир ууч адамдар кылымдын аферасын ишке ашырышып, ТЭЦтин мурдагы директору Н.Өмүркуловдун айтуусу боюнча, 150 млн. доллардын тегерегиндеги каражатты уурдап, 500 млн. долларлык карызды өлкөбүзүн мойнуна илип коюшту. Укуктук, демократиялык өлкөбүз деген Кыргызстанда диктатуралык түзүлүштөрдө да болбос мындай аферанын кантип ишке ашып кеткендигин карапайым эл түгүл, аны ратификациялаган депутаттар да түшүнө албай жатышат.

Булак: Учур

Аргумент.kg
Жооп калтыруу