120 депутаттын 48нин үйү да, батири да жок. Алардын арасында Иса Өмүркулов менен Искендер Матраимов да бар

Мамлекеттик салык кызматы КРдин Жогорку Кеңешинин депутаттарынын жана алардын жакындарынын 2017-жылдагы кирешеси боюнча декларациясын жарыялады. “kaktus.media” сайты фракциялардын лидерлери менен парламенттин спикерлеринин байлыктарын салыштырып чыккан.

Декларацияда берилген маалымат боюнча көпчүлүк депутаттардын турак жайы жок. Териштире келгенде аларды тууган-туушкандары багып алгандай үйлөр жакындарынын аттарына жазылган. Кыймылсыз мүлк тууралуу бөлүктө көпчүлүгүндө бош же ченелүү жер тилкелери көрсөтүлгөн.

120 депутаттын 48нин үйү да, батири да жок. Алардын 15и 28 депутаты бар “Республика – Ата-Журт” фракциясынын өкүлдөрү. Ошондой эле алардын арасында фракциянын лидери Жыргалбек Турускулов да бар. Эң көп депутаты бар КСДПнын өкүлдөрүнүн турак жай боюнча абалы башкаларга караганда салыштырмалуу жакшы. 38 депутаттын ичинен 13 өкүлдүн үй, батири жок. Алардын арасында өлкөнүн байлары аталгандары да бар. Керек болсо, Иса Өмүркуловдун да атына үй же батир жазылган эмес.

“Кыргызстан” фракциясынын 18 депутатынын ичинен 8и тууган-туушкандарынын үйүндө жашаса, “Бир Бол” партиясынын 3 депутаты, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракцияларынан 4төн депутаттары үйсүз. Ошондой эле 2017-жылы КСДПдан чыккан Жанар Акаевдин дагы үйү же батири жок.

Тизме:

Фракциядан тышкары

Жанар Акаев

КСДП

  1. Иса Өмүркулов
  2. Искендер Матраимов
  3. Мурадил Мадеминов
  4. Рыскелди Момбеков
  5. Азамат Арапбаев
  6. Аида Касымалиева
  7. Асель Кодуранова
  8. Евгения Строкова
  9. Ильхом Маннанов
  10. Мухтарбек Айнакулов
  11. Музаффар Исаков
  12. Нодирбек Каримов
  13. Бакытбек Жетигенов

“Республика – Ата Журт”

  1. Жыргалбек Турускулов
  2. Алиярбек Абжалиев
  3. Руслан Казакбаев
  4. Мирлан Жеенчороев
  5. Курманкул Зулушев
  6. Талант Мамытов
  7. Зарылбек Рысалиев
  8. Кенжебек Бокоев
  9. Бакытбек Сыдыков
  10. Таабалды Тиллаев
  11. Алтынай Омурбекова (учурда вице-премьер министр)
  12. Аида Исмаилова
  13. Жунус уулу Адыл
  14. Үмбеталы Кыдыралиев
  15. Айбек Алтынбеков

“Кыргызстан”

  1. Алмазбек Баатырбеков
  2. Тынчтыкбек Конушбаев
  3. Канат Исаев
  4. Таалайбек Масабиров
  5. Азизбек Турсунбаев
  6. Нурбек Алимбеков
  7. Нурланбек Макеев (2018-жылдын июнь айында көз жумган)
  8. Исланбек Сарсеитов

“Бир Бол”

  1. Улугбек Ормонов
  2. Алмазбек Акматов
  3. Жаныбек Бакчиев

“Өнүгүү-Прогресс”

  1. Алмаз Жутанов
  2. Абдыкапар Султанов
  3. Абылкайыр Узакбаев
  4. Абдумажит Юсуров

“Ата Мекен”

  1. Алмамбет Шыкмаматов
  2. Сайдулла Нышанов
  3. Наталья Никитенко
  4. Аида Салянова (2018-жылдын март айында мандатынан ажыратылган)

Булак: Kyrgyztoday.org

Аргумент.kg
Жооп калтыруу