Non Stop дуэти жаңы топтун курамын түзүүгө улан-кыздар арасында кастинг жарыялады. Бул тууралуу Максат Садырбек өзүнүн соцтүйүндөгү баракчасына жарыялады.
Анын айтымына караганда, топтун сахнада жүргөнүнө 8 жыл болгон.
“Биздин дуэттин түзүлүп, сахнада жүргөнүбүзгө 8 жылдын жүзү болду. Бизге колдоо көрсөтүп, сындап, чыгармаларыбызды уккан күйөрмандарга ыраазылыгымды билдирем. Эми биз Non Stop дуэтин мындан ары улантып кеткенге таланттуу жана дымактуу улан-кыздарды издейбиз” ,-деди Максат.
Ал эми Чолпон Талипбек келишим аяктагандыктан жаңы топту түзүүгө кастинг болгонун билдирди.
Булак: zaman.kg