​Шайыр Касымалиева: «Байкуш манты каскан аябай сүйүнүп жатат» ​

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шайыр Касмалиева жакында жаңы кинолору жарыкка чыга турганын маалымдады. Ошондой эле өздүк баракчасына жарыяланган манты салына салына турган касканы тууралуу жазылган ар кандай пикирлерге дагы жооп узатты.

“Эртеден бери жаңы сценарий жазып отурам, бүтөйүн деп калдым, бирок көңүлүмдү куунак кылып ар кыл ой жазып 32ге чыккан касканымдын ажаатын ачып талкуу кылганыңарга ырахмат. Байкуш каскан аябай сүйүнүп жатат, ушундай популярдуу болдум деп. Чындап келгенде баарынарга рахмат алтындар, жакшы айтасынарбы, жаман айтасынарбы силерди жакшы көрөм, себеби калдайган элимсинер. Кызматым силер үчүн. Кудай буюрса жакында жаңы кинолорум жөнүндө жарыя кылам. Биринчиси: «Сүйүүнүн беш тили 1″ экинчи кино:»Сүйүүнүн беш тили 2», үчүнчүсү: «Кан досум» аттуу кыска метражлуу тасмалар чыгат. Сценарист жана режиссер катары иштеген эмгектериме күбө болуп анда да жакшылап сын айтасыздар”,-деп билдирди Касымалиева.

Окурмандар аны колдоого алышууда.

Белгилүү актриса жана продюсер Шайыр Касмалиева «Shair studio» чыгармачыл тобун жетектеп келет.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу