Өткүрбек Жамшитов: «Байлыгын жашыргандыгы үчүн 15 прокурор дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды», алардын тизмеси…

Башкы прокуратура Мамлекеттик салык кызматынан алынган маалыматтардын негизинде мамлекеттик кызматкерлердин киреше-чыгашасы, мүлкү тууралуу толтурган декларациясын текшерди. Анын жыйынтыгында Тышкы иштер министрлигинин, Борбордук шайлоо комиссиясынын, прокуратура, сот органдарынын бир катар кызматкерлери байлыгын жашырганы белгилүү болду. Мындай маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу, эки вице-консул, Бириккен Араб Эмираттарындагы, Ирандагы, Германиядагы элчиликтерде иштеген кызматкерлер, Екатеринбургдагы консул мыйзам бузганы аныкталган. Башкы прокуратура мыйзам бузууну жокко чыгаруу жана күнөөкөрлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында ТИМге сунуштама жөнөттү.

Мындан сырткары, бир катар мамлекеттик кызматкерлер административдик жоопкерчиликке тартылса, 15 прокурор башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун буйругу менен дициплинардык жоопкерчиликке тартылды.

Маалымат боюнча 2017-жылга карата бирдиктүү салык декларациясын 48 миңден ашык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер тапшырган.

Буга чейин Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев 833 декларация саясий жогорку кызматты ээлеген адамдардыкы экенин жана элүүдөн ашуун аткаминердин декларациясынан күмөндүү жагдайлар чыкканын билдирген.

Бирдиктүү декларация тапшырууда Тышкы иштер министрлигинин бир катар кызматкерлери мыйзам бузган. Алар: -Кыргызстандын Стамбул шаарындагы башкы консулу жана анын орун басарлары; -Кыргызстандын Бириккен арап эмиратындагы элчисинин кеңешчиси, үчүнчү катчысы, элчиликтин башкы адиси; -КРнын Германиядагы элчисинин кеңешчиси, консулдук кызмат департаментинин үчүнчү катчысы. Ошондой эле, Кадамжай районун акими, Баткен шаарынын мэри, Өзгөн районунун мурунку акими, Борбордук шайлоо комиссиясынын Баткен облусу боюнча атайын өкүлү, БШКнын Ак-Суу, Ноокат, Таш-Көмүр аймактык атайын өкүлдөрү Административдик жоопкерчиликке тартылсын деп айтылган. Мындан тышкары, бир катар прокуратура кызматкерлеринин да бирдиктүү декларация тапшырууда мыйзам бузгандыгы аныкталган.

Алар: -Бишкек прокуратурасынын бөлүм башчысы Медеркулов У.Т.

-Бишкектин Ленин райондук прокурорунун улук жардамчысы Жапаркулова У.А.

-Чүй районунун прокурору Алимов К.М. Чүй облустук прокуратурасынын адиси Алимбаев Ж.М.

-Чүй райондук прокуратурасынын адиси Джумалиева З.А.

-Ысык-Көл облусунун прокурорунун улук жардамчысы Осмонов У.С.

-Ысык-Көл облустук прокуратурасынын башкы прокурору Айтбаев К.А.

-Түп районунун прокурору Урдалетова Э.Б.

-Түп районунун прокурорунун орун басары Адылбеков И.Т.

-Каракол шаарынын прокурорунун жардамчысы Токторбаев А.А.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу