Өпкөнүн сезгениши жугуштуу оорубу?

Көптөгөн адамдарды «өпкөнүн сезгенүү (пневмония) оорусу жугуштуубу?» деген суроо ойлондуруп келет. Буга жооп катары сиздерге маалымат бере кетебиз. Пневмания-бул өпкөнүн сезгенүүсү. Өпкө оорусу организмдеги ар кандай бактериялар чогулгандан пайда болгондогу оору. Тагыраак айтканда, адамдардын ооз, тамак жана тамакты сиңирүү органдарында чогулган микробдордун өпкөгө келип чогулуусу өпкө оорусун пайда кылат.

Бул ооруга көбүнчө жаш балдарда жана кары адамдар кабылуу мүмкүнчүлүгү жогору.

Пневмония жугуштуу оорубу?

Пневмония жана грипп сыяктуу оорулар инфекциялык жугуштуу оору болуп саналат. Анткени бул түкүрүү, жөтөлүү жана чүчкүрүү аркылуу жукмакчы. Ошондой эле адистер колдонулган стакан, кашык буюмдары аркылуу жуга тургандыгын эскертет.

Кимдер бул ооруга бат кабылат?

Жүрөк, бөйрөк, кант диабети жана бронхит өнөкөт ооруларына кабылгандар өпкө оорусуна бат кабылат. Муну менен бирге чылым чеккендер, алкоголдук ичимдиктерди колдонгондор, гриппке кабылгандар жана операция болгондордун бул ооруга кабылуу тобокелдиги жогору.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу