Өмүр бою эркинен ажыратылгандарга жакшы жаңылык

2017-жылдын 19-декабрында Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер
айылындагы №19 түзөтүү абагында өмүр бою эркинен ажыратылгандарга
жеңилдетилген шарттар менен участок ачылат. Бул тууралуу ЖАМКнын маалымат
кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы имарат Кыргызстандагы эл аралык Кызыл жарым ай уюмунун жардамы менен курулган. Имаратты ачуу аземинде ЖАМКнын жетекчиси Таалайбек Жапаров жана Кызыл жарым ай уюмунун жетекчиси Сангита Кенит катышат.

Жеңилдетилген шарттары бар жаңы курулган абакка 20 жылдан бери эркинен ажыратылган
жарандар которулат.

Булак: fakt.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу