Видео — Өмүркулов: КСДПда мен эмес, кечээ чогулган бир ууч адам чыккынчы

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин аны мүчөлүктөн чыгаруу чечимин легитимсиз деп атады. Бул тууралуу Өмүркулов парламенттеги атайын басма сөз жыйынында билдирди:

— Саясий кеңештин 7-8 гана мүчөсү катышыптыр, калгандарынын маалыматы жок. «Форумдун» маалымат катчысынын билдирүүсүндө мени «чыккынчы» деп да айтылып жатат. «Чыккынчы» деп мени партиядан чыгаруу үчүн добуш бергендерди эсептейм. Себеби булар партиянын жана 2010-жылы апрель окуясында курман болгондордун идеясын сатты.

Өмүркулов журналисттердин “Атамбаевсиз КСДП” деген топту кабыл алдыңыз беле?” деген суроосуна:

— Бир нече облустан, бир нече партиялык уюмдардан келген адамдарды кабыл алгам. Бирок мен аларга өзүмдүн позициямды айткан эмесмин. Ошондуктан мени эмне себептен мүчөлүктөн алышканын билбейм. Бирок алардын аракети КСДП партиясынын Жобосуна, милдеттерине каршы келет. Мен эч кандай мыйзамды, партиялык тартипти бузган жокмун. Партиянын программасын, Жобосун тутуп келем. Мен бул партия түзүлгөндөн бери, 25 жылдан ашуун мүчө болуп келем. Мурдагы бийликтин тушунда ушул партияда жүргөнүм үчүн кол салуулар, башка куугунтуктар болгонуна карабай тайманбай анын мүчөсү болуп келдим. Анан эми саясий кеңештин бир “кучка” мүчөлөрү мени партиядан чыгарып салышканы бул легитимсиз,-деп жооп берди.

31-октябрда Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алганын партиянын катчылыгы кабарлаган. Анда Өмүркулов партиянын максаттарына жана партиянын уставына каршы иштерди кылганы үчүн ушундай чечим кабыл алынганы айтылган.

Анын алдында жер-жерлерде «Атамбаевсиз КСДП» деген жыйындардыуюштуруп жаткандарды Иса Өмүркулов кабыл алганын Сагынбек Абдрахманов билдирген эле. Муну Өмүркулов өзү ырастабай келген.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу