Өмүркулов Зулпукаровдун таманын өпкөнгө даярбы?

КСДП Иса Өмүркуловду партиядан чыгарды. Мындай чечим КСДП фракциясынын лидери Өмүркуловду толуп жарылбай турган жарасын жаргандай эле болду. Анткени, экс-президент Алмазбек Атамбаевге «мени спикер же премьер кылбай койдуң» деген ич күптүү таарыныч менен тымызын «далыга бычак сайган» интригаларды жүргүзүп жатканы жакшы эмес.

Кезинде Бишкек мэри болуп турганда жер сатууга байланыштуу кылмыш иши козголуп, камалып кетээрде, баласы 3 адамдын өлүмүнө себепкер болгондо да, экөөнү Атамбаев абактан арачалап калганын эл жакшы билет. Эң кур дегенде, адамдык абийир болсо ушул жакшылыкты унутпаш керек эле. Тилекке каршы, Иса мырза андай адамдык сапатын көрсөтө албады. Тескерисинче, «ар-намысымды, абийиримди коргойм, адилетсиздикке каршы турам», — деп оозун чоюп жатат.

Кызыгы, «Жанар Акаевди фракциядан чыгарганыбыз каталык болду» деп, өз башына күн түшкөндө буга чейинки «иттигин» моюндап отурат, Эгер ошондо адилеттүүлүктү туу тутса, «мындай кылганыбыз туура эмес» деп айтпайт беле? Түштөн кийин мыңкылдаганы суу кечпейт. Кезинде «Атамбаев журт атасы» деп шилекейин агызып жаналы калбай кошомат айтып, эми болсо «Атамбаевсиз КСДП» деген ураан чакырган котур ташы койнуна каткандарды колдоп, «КСДПнын келечеги бар. Бирок, партиянын мындан ары өнүгүүсү үчүн жетекчилик кетиш керек», — деп зки жүздүүлүк менен саткындыктын үлгүсүн көрсөтүп жатат, Кимдин камчысын чаап жатканы түшүнүктүү болуп турат. Анан жосунсуз жоругуна жараша чара көрүлсө, беттырмалык кылып, адилетсиздик тууралуу сөз кылса төбөсүнөн көк буу чыгат,

Эми партиядан чыгарылган соң фракция лидерлигин өткөрүп бериши керек. Иса болсо лидерликти өткөрүп бербей турганын, колуңардан эмне келет дегендей тоготпой жатат.

Бирок ошол эле учурда кырдаалдан пайдаланып Төрөбай Зулпукаров ордумду тартып алабы деп чочулоодо. Ошол себептен, Төрөбай мырзага кошомат кылып жалпаңдап жаткан кези…

Булак: «Ачык саясат»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу