Өмүркулов жыландын башын чыгарууда

Азыркы кезде саясатчылардын арасынан кимди жек көрөсүз деген сурамжылоо жүргүзө турган болсоң, биринчи орунга Иса Өмуркулов чыгаарынан шек санабай койсоң болот. Исанын ысымын укканда куйкасы курушпаган, жийиркенбеген адамды табыш кыйын. Салаага токтобой кумдай куюлуп, сымаптай мөлтүлдөйт го чиркин. Мына жакында эле коомчулук чуу түшүп жатып уранды каздырбай койду эле. Иса Өмүркулов болсо кесиптештеринин уран казууга тыюу салган мыйзамы чала, шашылыш экенин айтып куйругун бултактатууда. Бул деген “мени премьер кылсаңар уранды иштетип” берем деген коңгуроо кагып, жыландын башын чыгарып жатканы…

БУЛАК: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу