Өмүркулов «жетим жүгүрүккө» айландыбы?

КСДП фракциясынын жетекчиси Иса Өмүркулов өзүнүн кадырын такыр кетирип бүттү. Премъер-министр же спикерлик кызматты алуу үчүн КСДПны ичтен иритип, Атамбаевди жек көрсөтүүгө болгон аракетинен майнап чыгара албай убара.

Бийликтин жогорку сересиндеги үлкөндөр «качан бул иштин аягына чыкканда сураган кызматыңды беребиз» дешип, «жетим жүгүрүккө» айлантып алышканы Ак үйдө жомок болуп айтылып жатат.

Ошондон улам күзгө дейре убакыт берилип, Абылгазиев да, Жумабеков да ордунда иштемей болуптур. Ушинтип жүрүп Өмүркулов «иттен жок же ит байлаган жиптен жок» түрткүнчүк болуп ара жолдо калбаса болду…

Булак: Фабула

Аргумент.kg
Жооп калтыруу