Өмүрбек Текебаев Улуттук — Лидер!

Менин пикиримди таңуулабайм.

Мен Өмүрбек Текебаевди улуттук лидер деп эсептейм. Улуттук лидер-бул бир облустун, бир уруунун, бир аймактын лидери эмес. Лидердин командасында өлкөнүн бүт бурчунан өкүлдөр болушу керек. Өкүлдөр акча, бизнес, кызматка байланбаган болуусу шарт. Лидер тайгак ашууда жалгыз калганда, бет маңдайдан бороон уруп атса дагы сүрөөнгө алып туруусу керек. Кыргызстанда улуттук лидерлер чыккан, азыр дагы бар. Жалгыз Текебаев дебейм. Бирок, мен ошолордун бири Өмүрбек Текебаев деп эсептейм.

«Ата Мекен» партиясында Баткендин Лейлегинен тартып, Түптүн четиндеги айылдарга чейин жылаңач калса дагы колдой тургандар бар. Аларга Текебаев тууралуу миң жомок айтсаң дагы айнышпайт.
Дүйнөдө супер лидер болсо дагы ага минимум 20 пайыз эл каршы чыгат. Бизде дагы ошол сыяктуу. 27 жылдан бери Текебаевди биз эл «сен депутат бол»-деп шайладык. Бирок, өкмөт башчылык, президенттике келгенде шайтандар аралап бузуп кетип жатты. Ошентип «Ата Мекендин» лидери мыйзам чыгаруу, мыйзамдын сакталышына, чиновниктердин жоопкерчилигине, акыйкаттуулука ж.б. процесстерге байкоо жүргүзүү укугу менен гана чектелип келди. Ушул милдеттерин так, ашыгы менен аткарды.

Малазияны башкарып жаткан Махатхир Мохамад 92 жашта, Трамп 72 жашта, Эрдоган менен Путиндер 70ге жакындап калды. Текебаев болсо быйыл 60га чыкты. Баарын тажрыйба жеңет. Кыскасы, Текебаевдин мезгили жакындап келатат…

Жакшылык Бердибек уулу

Булак:ЧЫНДЫК

Аргумент.kg
Жооп калтыруу