Өмүрбек Текебаев : “Мен Бакиев учурунда менчиктештирип беришкен квартирамда 20 жылдан ашык жашап жатам, мага Бакиев кылбаган жамандыкты Атамбаев кылып жатат”

“Атамбаевдин дагы бир жакын кишиси, президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Сапар Исаков мага жакын жашайт, мага караганда алда канча жаш, бирок менин жаныман 4-5 бөлмөлүү, аянты 180 чарчы квадрат элиттүү квартира алды. Мен болсо 20 жылдан ашык 120 чарчы кв. эски квартирада жашайм. Бул квартираны мага мындан 20 жылдан ашык мурун Жогорку Кеңеш берген”, – деп билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев 26-сентябрда журналисттерге өзүнүн мүлктөрү боюнча пресс-тур өткөрүү учурунда.
“Ушул квартирамда 15 жылдан ашык жашагандан кийин, 2009-жылы Бакиевдин учурунда, мен Бакиевге каршы күрөшүп, аны мен жек көрүп, алар мени жек көрүп турганда, мен депутат болбой калганда “кой Текебаев ушул квартирада 15 жыл жашаптыр, Кыргызстанга эмгеги бар” деп мага менчиктештирип беришкен. Ушул Бакиев учурунда берилген квартирамда эле эле жашап келатам. Эми Атамбаевдин айланасы, СДПКчылар ушуну да көрө албай чукулашып, ушундан да жамандык издеп жатышат. Бакиев кылбаган жамандыкты кылып, мага жок айыптарды тагып жатышат. Жубайым экөөбүз бир жылына 5 миллион сомдой киреше табабыз, бирок жылына 850 миң сом гана киреше тапкан Сапар Исаковдой элиттүү квартира алалган жокпуз. Демек, Сапар Исаков кайсы акчасына ушундай элиттүү квартира сатып алды? Аялынын бир жылда тапканы 63 миң сом экен. Менин азыр Орто-Сайда салып жаткан үйүм али бүтө элек, дагы 3 жылдан кийин бүтсө 60 жашта элге окшоп үйлүү болом. Балдарым чоңоюп калды. Ошондуктан салып жатам. Кыргызда эр адам бак өстүрүш керек, бала тарбиялаш керек анан үй салыш керек деген 3 парыз бар, ошол 3 парызды мен да аткарышым керек”,- деди Өмүрбек Текебаев.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу