Бүгүн «Ата Мекен» саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев №1-СИЗОдон №47-түзөтүү колониясына, ал эми экс-министр Дүйшөнкул Чотонов Молдовановкадагы №27-түзөтүү колониясына которулат. Бул тууралуу Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 10-октябрь күнү Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов УКМКнын абагынан №1 тергөө абагына которулган. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына «Ата Мекен» партиясынын юристти Таалайгүл Токтакунова билдирген.
Токтакунованын айтымында Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновду № 27 абактын (айтылуу «кызыл зона») жетекчилиги кабыл алуудан баш тарткан. Жактоочулары парламент депутатын № 47 абакка которууну суранышкан.
Эске салсак, 16-августта Текебаев жана Чотонов Биринчи Май райондук соту тарабынан 8 жылга эркинен ажыратылган. Алардын мүлктөрү конфискацияланат. Муну менен катар алардын абактан чыккандан кийин 3 жыл мамлекеттик кызматта иштөөсүнө тыюу салынган.
Булак: Каганат.